Линктер

жума, 18-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 02:12

САЛАМАТ АЛАМАНОВ: ЧЕК АРА МАСЕЛЕСИН ТЕЗ АРАДА БҮТҮРҮҮ МҮМКҮН ЭМЕС


Аманбек Жапаров Кыргыз-өзбек өкмөттүк комиссиялары өткөн жумада Анжиянда кыргыз-өзбек чек арасы боюнча кезектеги сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Кыргыз өкмөтүндөгү аймактык маселелер боюнча бөлүм башчы Саламат Аламанов кабарчыбыз болгон маегинде жолугушуу тууралуу кенен-чонон айтып берди.

-Саламат мырза ишембиде кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык комиссиясы Анжиянда чек ара маселесине байланыштуу отурумун аяктады. Анын жыйынтыгы тууралуу азыноолак кеп салып берсеңиз?

- Бул кезектеги сүйлөшүүлөрдүн бири болду. 2000-жылдан бери сүйлөшүүлөрдүн кырк тогузунчусу десем жаңылбайм. Бул жолугушуу эксперттик топтордун деңгээлинде өттү. Президент Курманбек Бакиевдин Өзбекстанга болгон расмий иш сапарынан кийинки биринчи жолугушуу. Ошол жолугушууда эки өлкөнүн мамлекет башчылары билдирүү жасап, ошондо чек ара тактоонун жүрүшү боюнча позитивдүү иш жүрүп жатканын белгилешкен. Бүгүнкү күндө 993 чакырым чек аранын такталып бүткөндүгү жөнүндө расмий түрдө документке киргизилген болуучу. Эми акыркы жолугшуубуз Өзбекстандын Анжиян шаарында болуп, бул жерден мурдатан бери каралып келе жаткан, чек ара сызыгынын өтө олуттуу, орчундуу, көйгөйлүү бөлүктөрү кайра дагы каралды. Кайрадан документтер такталып, коңшу өлкөнүн чектеш райондорунун адистери, коңшу облустардын адистери, республикалык деңгээлдеги эксперттер дагы пикир алмашуу ишин жүргүздүк. Бул жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптын өкүлдөрү, чек ара сызыгына чыгып, ал жерден документтер менен чек ара сызыгынын жер бетиндеги орду боюнча тактоо иштерин жүргүзүп келип, ошону эми “камералдык форма” деп койот, ар ким өз райондоруна барып, кайра тактап чыгышат. Анан келерки кездешүүгө ар ким өз пикирин айтуу менен бирге алдыдагы жана башка бир катар орчундуу иштерди тактоо макулдашылды. Эки тараптын эксперттик деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында, эки чакырым беш жүз он метр кыргыз-өзбек чек арасындагы аралык такталды. Бул жыйынтык келерки делегациянын деңгээлиндеги жолугушууда каралып чыгып, бекиткенге коюлат.

- Саламат мырза Өзбекстан менен талаш-тартыш жараткан канча чакырым чек ара тилкеси бар?

- Акыркы Ташкенттеги жолугушууда кайра дагы бир жолу тактап, ири масштабдагы карталарды пайдалануунун натыйжасында биздин жалпы чек аранын узундугу 1375 чакырым деп такталган. Эми анын 993 чакырымы такталды. Калган жерлер талкуунун үстүндө. Ошол жалпы узундуктун ичинде 58 жерде биздин пикир келишпестик бар экендигин акыркы Ташкендеги жолугушууда тактадык. Эми азыр мындан ары тактоолор боюнча бардык иш ошол 58 бөлүк боюнча жүрөт. Азырынча биздин чек аранын көп жерлерине байланыштуу Кыргызстандын пикири өзүнчө, Өзбекстандын пикири өзүнчө болуп, эки пикир жаралууда.

-Ал эми Кыргызстан менен чектеш Тажикистандагы жана Казакстандагы чегара тилкелери кандай чечилүүдө?

- Тажикистан менен акыркы жолугушууда 208 чакырым чек арабызды тактаганга мүмкүнчүлүк болду. Бул төрт жылдан берки жолугушуулардын чек араны тактоо иштериндеги практикалык ишке өткөнүбүздүн алгачкы жылышы болду. Эми келечекте ишибизди ошондой маанайда улантабыз деген оюбуз бар. Эми бул тактоо Чоңалай кырка тоолорунун кыркасы менен өткөн чегара тилкеси болду. Албетте, бул жерде анча татаалдык жок. Ошентсе дагы бул аракеттерди иштин башталышындагы позитивдүү кадам катары эсептедик. Ал эми Казакстан менен болгон чек ара такталып бүтүп, келишимге 2001-жылдын декабрында кол коюлган. 2003-жылы июль айында Казакстан аны ратификациядан өткөргөн. Ал эми бизде болсо ошол 2003-жылдан бери бул документтер Жогорку Кеңеште жатат. Ар кандай себептер менен ошол ратификация маселеси бүтпөй келүүдө.

-Саламат мырза, жалпысынан Кыргызстандын чек арасы кошуна мамлекеттер менен такталып, качан аягына чыгат деген суроо туулат?

- Бул суроону ар дайым бизге багышташат да. Чек ара маселесине кандайдыр бир алдын ала болжош абдан татаал экен. Мен негизги нерсени айтайын. Эки тарап тең ар дайым чег ара маселесин тактоону мыйзамдын чегинде тез аранын ичинде бүткөрүүгө умтулуп жатканыбызыды бири-бирибизге билдиребиз. Бирок иштин татаалдыгы биз каалагандай темп менен ишти алдыга жылдырууга мүмкүнчүлүк бербей жатат. Ошондуктан кандайдыр так күндү эмес, жылды айтууга мүмкүн эмес.
XS
SM
MD
LG