Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:26

МИНСК САММИТИ: КМШ ИЧИНДЕГИ КМШлар


Минскиге бүгүн КМШга кирген өлкөлөрдүн президенттери келишет. Бул жерде чак түштө алардын кезектеги саммити ачылат. Белоруссиянын борборуна кечээ кыргыз, тажик жана азери президенттери келишти. Жыйынга катышкандан адаттагыдай эле түркмөн лидери баш тартты. Мындан тышкары саммитке Украинанын президенти Виктор Ющенконун келер-келбеси да белгисиз.

Минскиге Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев КМШны реформалоо боюнча чоң идеялар менен келгени жатат. Атап айтканда, улуттук экономикалардын абалын эске алуу менен кызматташтыктын ичинде кыйла иштиктүү интеграция планын сунуш кылат дешет. Назарбаев мунай жана газ өндүргөн өлкөлөр уюмда өз салымына ылайык орунда турушу керек деп эсептейт. Эгер анын планы колдоо тапса, анда Мински саммити КМШнын эки, атүгүл үч кичи КМШга айланышына жол ачат. Биринчи топко Россия менен Казакстан кириши ыктымал,экинчи топтун уюткусу жуп саммит алдында каймактады: Александр Лукашенко орустардын газ чөйрөсүндөгү экспансиясынан коргонуу үчүн Украинага энергетикалык тандем түзүүнү сунуш кылды. Аларга кийин Азербайжан менен Молдавия кошулушу ыктымал.Алдыдагы жылдан тартып Россия белорустарга да газдын баасын миң кубометр үчүн 200 долларга көтөргөнү жатат.

Дегинкисинде Москва экс-советтик республикалар менен өзүнүн соода-экономикалык алакаларын биротоло рынок эрежелеринин негизинде жүргүзө турганын Минск саммитинде ачык жана так кесе жарыялаганы жатат. Муну орус тышкы иштер министринин орунбасары Андрей Денисов ырастады. Ошол эле учурда Россиянын өкмөт башчысы Михаил Фрадков КМШнын ичинде ким-бирөөгө каршы Москва эки тараптуу алакалар аркылуу достошконго ниети жоктугун, болгону ар бир өлкөнүн, жалпы эле кызматташтыктын атаандаштык кудуретин көтөргөнгө салым кошорун айткан эле.

Минскиде грузин лидери Михаил Саакашвили президент Владимир Путин менен жолугушпай турганын анын жардамчылары билдиришти. Ал эми украин президенти Виктор Ющенконун саммитке келер-келбеси анык боло элек. Ющенко өзү кечээ Минскиге барбай турганын айткан эле. Азырынча саммит маалында Армениянын жана Азербайжандын президенттери жолугуп, Тоолуу Карабах проблемасын чечүү жолдорун кайрадан – ушуну менен быйыл үчүнчү ирет - талкуулашат деген кабар бар.

XS
SM
MD
LG