Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:19

МИНСКИДЕ КМШнын САММИТИ АЧЫЛДЫ


Минскиде бүгүн КМШнын саммити ачылды. Кызматташтык өзүнүн он беш жылдык мааракесин белгилеп жатканы менен көп жагынан натыйжасыз уюм бойдон калды. Жогорку деңгээлдеги бүгүнкү жыйындан да байкоочулар олуттуу эч кандай деле жаңылык күткөнгө болбойт, лидерлер регионалдык биримдикке караганда эки тараптуу мамилелерге көбүрөөк көңүл бурат болуу керек дешет.

Саммиттин күн тартибине КМШнын натыйжалуулугун арттыруу маселеси коюлган. Көпчүлүк байкоочулар шериктештик соңку кездерде куру сөздөрдүн гана ийримине айланып, өз ара атаандашкан ГУАМ жана Шанхай кызматташтык уюму сыяктуу аймактык структуралардын көлөкөсүндө калганын белгилешүүдө. Акыркы учурда Украина,Грузия жана Молдавия КМШдан чыгуу ниетин билдиришкен эле.

Айтор, дүйнөлүк коомчулуктун назары бүгүн КМШнын жыйынына караганда Ригада ачылып жаткан НАТОнун саммитине көбүрөөк бурулары калетсиз. Россиялык айрым эксперттер эки саммиттин бир күнгө туш келгенинен улам Минскидеги жолугушуудан антиНАТОлук маанайды көрө калышты эле, КМШнын аткаруу комитетинин төрагасы Владимир Рушайло мындан теңжарышты же антагонизмди издөөнүн эч кандай кажети жоктугун билдирди. НАТОнун Ригадагы саммити өзүнчө пландалган,ал эми Минскиде жыйын өткөрүүнү КМШнын лидерлери чечишкен, деп айтты Рушайло.

Россиялык ырасмий өкүлдөр ошондой эле КМШнын ичиндеги пикир келишпестиктерди да жымсалдаганга умтулушту. Өткөн аптанын этегинде КМШга кирген өлкөлөрдүн өкмөт башчылары менен коргоо министрлеринин жыйыны маалында орус министри Сергей Иванов да КМШнын күнү бүткөнү тууралуу кайбат-каңшаарлар негизсиз экенин айтып, коргонуу чөйрөсүндө кызматташтыктын он беш жыл ичинде сөз болбогон жаңы кырлары ачылып жатканын белгилеген эле.

Минскидеги жыйында жогорку деңгээлдеги эксперттер тобу – акылгөйлөр кеңеши - даярдаган сунуштар талкууланат. Докладдын авторлору он беш жыл ичинде маданий мейкиндиктин сакталып калганын оң жетишкендикке жоруп, ал эми экономикалык чөйрөдө экс-совет аймагында эркин соода режими түзүлбөгөнүн терс көрүнүш деп баалашкан. Акылгөйлөр кеңеши колдон келишинче эртерээк эркин соода зонасын түзүүнү, болгондо да айрым бир өлкөлөр эмес, КМШга киргендердин баары бул зонанын резиденти болуп калышын жакташат.

Минскидеги жыйындын күн тартибине жалпысынан отузга чукул маселелер кирген. Кечээ тышкы иштер министрлери жолугушуп, бир катар проблемаларды, алардын ичинде миграция маселесин талкуулашты. Айрым маалыматтарга караганда, бир топ маселелерде министрлер тил табыша алган жок, алардын баары президенттердин кароосуна калтырылды.

Эсенбай НУРУШЕВ, Прага

XS
SM
MD
LG