Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:46

ИЛИМ ЖАНА САЛАМАТТЫК САКТОО ЖАҢЫЛЫКТАРЫ


Баян Жумакадыр кызы, Прага

Пахта уруктары бул культура өстүрүлгөн аймактардагы малчылардын жемге, ал эми калктын протеиндүү азыктарга болгон керектөөсүн канагаттандыра алат. Бул жөнүндө АКШнын Техастагы Эй/Эм университетинин окумуштуусу Кеети Радхор билдирди. Анын айтымында, дүйнөдө өндүрүлүп жаткан пахта уруктары жарым миллион адамдын протеинге болгон муктаждыгын жаба алат. Дүйнөдө азыр 44 миллион тонна пахта уругу өндүрүлөт, пахта аянттарын себүү үчүн анын бир бөлүгү гана колдонулуп, артканы жe малга берилет, жe ыргытылат.Протеинге бай азыктын даамы кандай болду экен?

"Адамдардын көпчүлүгү пахта уруктарынын даамын жагымдуу деп сыпатташат. Уруктарды азык катары пайдалдануунун бир нече жолу бар. Аны кууруп, туздап жесе болот. Ошондой эле ун-майда талкалап, камырга кошуп жууруп, нан жасаса болот",- дейт окумуштуу Кеети Радхор.

Окумуштуунун айтымында, бул сунуш текшерилип, турмушка ашырылгыча кеминде 15-20 жыл керек болот.

Аарынын чакканы өтө ооруксун боло турганын, андан айрым учурда адамдар аллергия жe шок болушу ыктымал экени маалым. Бирок Кытайдын элдик дарыгерлери аарыны артрит, ревматизм сыяктуу ооруларды айыктыруу үчүн кылымдардан бери пайдаланып келатышат. Азыр кытайлык доктурлар аарыны ошондой эле диабет жана рак кеселдеринен чыккан ооруну басуу үчүн колдонууда.

"Мен аары менен дарылангандан кийин жакшы болуп калам. Аарынын чагуусу организмге жагымсыз таасир этет, деп ойлобойм. Аарыга чактыруу сеанстарын бир нече жолу алдым, ооруган жерим басылып калды",- дейт Кытайдын Хебей провинциясынын тургуну пациент Лу Жиумбей.

Кытайдын Элдик Дарыгерлер Клиникасынын башчысы Ксу Ксиоваң аарыга чактыруу сеанстары менчик клиникаларда эле өткөрүлө турганын, мамлекеттик ооруканаларда мындай ыкма колдонула элек экенин айтат. Аарылар денедеги атайын точкаларга кондурулуп чактырылат.

Учурда ВИЧ инфекциясы менен СПИД оорусуна каршы дүйнө жүзү боюнча 30га чукул эм дары сыноодон өткөрүлүүдө. Сыноолордун ири бөлүгү Кения менен Индияда ишке ашырылып жатат. Бирок мындай аракеттерге карабастан, окумуштуулар ишенчиликтүү эм дары жасап чыгарылгыча дагы ондогон жылдар керек боло турганын айтышат. Мисалы тиф оорусуна каршы эм дарыны чыгаруу үчүн 100 жыл керек болгон, ал эми ВИЧ инфекциясы менен СПИД оорусунун пайда болгонуна чейрек кылым эле болду, дешет адистер.

Бирок акыркы жылдарда бул айыккыс ооруну басаңдата ала турган дарылар иштеп чыгарылды. Көптөгөн өлкөлөрдө колдонулуп жаткан антиретровирустук препараттар, медиктердин айтымында, ВИЧ инфекциясы менен СПИД оорусуна чалдыккан адамдардын жашын кеминде 13 жылга узарта алды.
XS
SM
MD
LG