Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:45

29- НОЯБРЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


Энесайлык кыргыздардын жергесинде жүргөн Красноярскилик воеводанын өкүлү С. Коловскийге монгол алтынхандарынын элчиси келген. 1929-жылдын 29-ноябрында кыргыз жазуусун араб графикасынан латын алфавитине көчүрүү иши бүткөрүлгөн.

Энесайлык кыргыздардын жергесинде жүргөн Красноярскилик воеводанын өкүлү С. Коловскийге 1652-жылдын 29-ноябрында монгол алтынхандарынын элчиси Мерген Деге келген. Буга чейин монголдор кыргыздарга кысым көрсөтүү максатында алардын жакшыларын барымтага алган. Калган кыргыздар менен аларга күңкор абалдагы кыштымдар болсо, монголдордун кыйкымынан коркуп Красноярскинин кашына көчүп кеткен. С. Коловский баштаган орус элчилигинин максаты, кыргыздарды кайра мекенине кайтарууга багытталган. Орус миссиясынын талабы көп өтпөй аткарылып, кыргыздар жергесине кайтууга мүмкүндүк алышып, монголдор болсо өз мекенине көчүп кетишкен.

Пишпек уездинин начальниги Ф.Г.Рымцевич 1916-жылдын 29-ноюбрында Жетисуу аскер губернатору А.И.Алексеевге рапорт жолдогон. Уезддик начальник 1916-жылкы кыргыздардын көтөрүлүшүн үч участкага бөлгөн. Биринчи багыт, Пишпек шаарынын чет жакасы; эинчиси, Беловодск жана үчүнчүсү Токмок деп белгиленген. Жергиликтүү бийлик башчысы кыргыздардын көтөрүлүшүнүн башталыш датасынан тарта, анын кулач жайып өнүгүшүн жана козголоңго каршы көрүлгөн чаралар туурасында Аскер губернаторуна кең кесири отчет берген.

Кыргыз АССР Борбордук аткаруу комитетинин Президиуму 1929-жылдын 29-ноябрында кыргыз жазуусун реформалоо иши соңуна чыккандыгы туурасында чечим кабыл алды. Атайын уюштурулган жумушчу комиссиясы кыргыз жазуусун араб графикасынан латын алфавитине көчүрүү ишин бүткөрүп, анын натыйжасында жазма маданиятка латын тамгасы киргизилген.

Кыргызстан премьер-министри Насирдин Исанов 1991-жылдын 29-ноябрында автокырсыктан каза тапты. Расмий билдирүүлөргө ылайык, өкмөт башчы республиканын түштүк райондорун кыдыруу маалында, Жалалабад-Ош жолундагы Калинин колхозунун участкасында премьердин жеңил машинасы, жүк ташуучу машина менен кагышкан. Оор жаракат алган Н. Исанов эсине келбей, кырсыктан 17 минута өтпөй көз жумган.

2004-жылдын бу күнү Кыргызстан президенти Аскар Акаев Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюм төрагасынын атайын өкүлү Мартти Ахтисаари менен жолугушту. Сүйлөшүү жүрүшүндө Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюм менен Кыргызстан ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Бу күнү, 1675-жылы атактуу скульптор Бартоломео-Карло Растрелли, 1781-жылы венесуалык жазуучу Андерс Бельо, 1797-жылы италиялык композитор Доницетти Гаэтано, 1803-жылы австриялык физик Кристиан Доплер, 1932-жылы француз саясий жана коомдук ишмери Жак Ширак жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG