Депутат Өмүрбек Текебаевдин көз карашында оппозициялык күчтөрдүн куугунтукка алынышына ноябрдын башында уюштурулган нааразылык акциялары себеп болгон.
- Митингдин жүрүшүндө бийлик антимитинг деген акцияны уюштурду. “Реформа үчүн” кыймылынын мүчөлөрү болгон депутаттарды уруп-согуулар, сөгүүлөр болду. Депутат Байболов, Иманалиев, Мукашев, Сариевдерге карата ушундай кысымдар болду. Тилекке каршы мына ушуларга иш-чаралар колдонулган жок. Бекешовду урду деген шылтоо менен тескерисинче Калпетовду камап коюшту. Бул саясат жергиликтүү чиновниктердин эмес, түздөн-түз президенттин администрациясынан чыгып жаткан саясат деп эсептейбиз, - дейт Өмүрбек Текебаев.
Ал эми президенттик администрация башчысынын орун басары Медет Садыркулов мындай дооматты “Азаттык” радиосунун суроосуна жооп берип жатып төгүндөдү. Анткен менен оппозиция ириде “Атамекен” социалисттик партиясынын мүчөсү Бакыт Калпетовдун бир аптадан бери камакта отурушун куугунтуктоонун далили катары келтирүүдө.
Калпетов 23-ноябрдан бери Улуттук коопсуздук кызматынын камагында отурат. Аны Ленин райондук ички иштер бөлүмү митинг учурунда Мамлекеттик телерадиокомпаниянын директорунун орун басары Бейшенбек Бекешовго кол тийгизди деген айып менен 22-ноябрда кармап, кайра бошоткон. Бир күндөн кийин Бакыт Калпетов коопсуздук кызматы тарабынан кармалган. Жабырланып арыз берген Бейшенбек Бекешов Калпетовдун фактынын негизинде кармалганына ишенет. Бирок, оппозиция өкүлдөрү муну түздөн-түз саясий кадам катары баалап жатышат. Ал эми жарандык коом Калпетовду кармоодо күч бийлиги одоно мыйзам бузууга барды дешүүдө. Бул тууралуу Калпетовдун адвокаты Райымкул уулу Касымбек мындай дейт:
- Кылмыш иши козголгон күндө дагы үйүндө калтырып коюп эле тергөөнү жүргүзө беришсе болмок. Тилекке каршы Улуттук коопсуздук кызматынын убактылуу кармоочу жайына алып барып камап атканы, бул жер дагы саясий артынан түшүү бар экенин көргөзөт, - дейт Райымкул уулу Касымбек.
Оппозициячыл саясатчылар Калпетовдун камалышын куугунтуктун бир гана өңүтү катары белгилешет. Алар “Реформа үчүн” кыймылы тарабынан уюштурулган ноябрь акцияларынын маалында бийлик жарыялаган үн тасманы куугунтуктун ачык далили катары келтирип жатышат. Буга чейин коопсуздук кызматы бул өңүттө козголгон иш боюнча Роза Отунбаева, Алмаз Атамбаев сыяктуу оппозициялык лидерлерди күбө катары чакырганы бар. Анткен менен бийлик өкүлдөрү мындай дооматтарды негизсиз деп эсептеп жатышат. Бул тууралуу көз карашын “Азаттыкка” Башкы прокурордун маалымат катчысы Токтогул Какчекеев мындайча билдирди.
- Кылмыш жоромолдоруна биз көз жумуп кое албайбыз да. Мына мыйзамда жазып койгон, каалайбызбы-каалабайбызбы биз аны аткарышыбыз керек. Беш кол тең эмес. Тең депутаттар куугунтуктап атат деп атышат, тең депутаттар куугунтуктабай эле мыйзамдуу иштеп атышат дешет. Биз деген иш аткарып атабыз.
Ал эми чуулгандуу окуянын чордонунда калган “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү Бакыт Калпетовдун баш коргоо чарасын өзгөртүүгө байланышкан сот ушул бейшембиде болору күтүлүүдө.