Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:21

НАТО САММИТИН АЯКТАДЫ


Ригада НАТОнун саммити аяктады. Жогорку деңгээлдеги жыйында башка маселелер менен бирге Ооганстандагы кырдаал башкы тема катары талкууланды. Бир нече өлкө Ооганстанга кошумча аскер контингентин жөнөткөнгө, айрымдары финансылык операцияларын кеңейткенге макул болушту. Мындан тышкары НАТОлук лидерлер 2008-жылы Балкандагы үч өлкөгө альянска мүчө болууну сунуш кылууну,ал эми Украина жана Грузия менен сүйлөшүүлөрдү улантууну чечишти.

Рига саммитин альянстын баш катчысы Яап де Хооп Схеффер үзүрлүү болду деп баалады. Баарыдан мурда Ооганстандагы коопсуздукту чыңдоо жана бул өлкөгө кошумча аскер күчтөрүн жөнөтүү маселеси макулдашылды.

Дипломатиялык булактар ырасташкандай, бул маселеде Германия менен Франция өз позицияларын анча-мынча өзгөрттү, бирок Ооганстандын түштүгүнө ири сандагы аскер бөлүктөрүн жибергенге мурдагыдай эле ынтаасы жоктугун айтышты. Президент Жак Ширак ушу тапта Кабулда бир миңдей француз контингенти бар экенин эске салып, алардын санын көбөйткөнгө Париж умтулбай турганын эскертти. Ал эми бир катар өлкөлөр, алардын ичинде Голландия, Румыния, Словения жана Люксембург өз аскерлеринин Ооганстандагы аракеттерине кандайдыр бир чектөө салгысы келишпейт.

Ооганстанда НАТОлук контингент арасындагы жоготуулардын токсон проценти АКШнын, Британиянын, Голландиянын жана Канаданын үлүшүнө туура келүүдө.

Саммитте АКШ президенти Жорж Буш НАТОлук союздаштарын сынга алып, аларды ар кандай татаал милдеттерди тайманбастан аткарууга чакырган эле. Корутунду декларацияда “чукул кырдаалдарда алар бир бирине жардамдаша турганы” гана белгиленди.

Буш ошондой эле Грузия реформаларды улантып, НАТОнун стандарттарына жете алса, анын альянска мүчө болушун Вашингтон колдой турганын ырастады. Ал эми Украинага болсо, Буштун айтымында, НАТОго мүчө болуу үчүн элдин макулдугун алууга туура келет.

Альянстын лидерлери 2008-жылы Балкандагы үч өлкөгө – Албанияга,Хорватияга жана Македонияга НАТОго мүчө болууну сунуш кылууну чечишти. Сербия,Черногия жана Босния-Герцеговина “Тынчтык үчүн өнөктөштүк” программасына кошулат.

НАТОнун баш катчысы Яап де Хооп Схеффер альянс Борборазиялык өлкөлөр менен карым-катнаштарын чыңдаганга да астейдил ниет кылып жатканын белгиледи. Ушул аңытта Схеффер жакынкы күндөрдө НАТОнун Брюсселдеги баш кеңсесине Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев келгени жатканын белгилеп кетти.

Рига декларациясында энергетикалык коопсуздук маселесине да көңүл бурулуп, негизги мунай жана газ куурларын альянстын көзөмөлүнө алуу зарылдыгы көрсөтүлдү. Буга Москва дароо жооп кайтарды. “Альянска эмне кылыш керектигин Россия таңуулай албайт, бирок энергетикалык коопсуздук – баарыга бирдей тиешелүү тема, андыктан бу маселени Россиясыз чечкенге аракет кылуу пайдалуу болбойт”, - деп эскертти орус тышкы иштер министри Сергей Лавров.

XS
SM
MD
LG