Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:44

РИМ ПАПАСЫ: “СҮЙҮКТҮҮ БУРАДАРЛАРЫМ, ЖАРАТКАН СИЛЕРГЕ ЖАР БОЛСУН!”


Рим папасынын Түркиядагы сапары уланууда. Стамбулда грек чиркөөсүнүн башчысы менен жолугушат жана бүгүн апостол Андрей Первозванныйды эскерүү каадасына катышат. Рим папасы менен патриарх Варфолемейдин жолугушуусун тарса дининдеги миң жылдык ажырымдын аңытындагы маанилүү кадам деп баалап жатышат. Мунун алдында Бенедикт XVI Эфесте таат өткөрдү.

Мындан миң жылдай илгери – 1054-жылы дал ушул Стамбулда – ал кездеги Константинополдо христиандар батыш жана чыгыш чиркөөсүнө бөлүнүп кетишкен эле. Рим папасы Бенедикт XVIны да Түркияга түпкүлүгүндө грек ортодокс чиркөөсүнүн патриархы Варфолемей чакырып, бул таклипти президент Ахмед Сезер тастыктаган.

Кечээ Эфесте Бенедикт XVI Иса пайгамбардын апасы – ыйык Мариям эненин арбайына арнап атайын таат өткөрдү. Католик чиркөөсүнүн башчысы ибаадатын түрк тилинде баштап: “Сүйүктүү бурадарларым,жараткан силерге жар болсун!” – деп айтты.

Анкарага келген соң Рим папасы мусулман жамагатына кайрылып, диний байистүүлүккө жана кызматташтыкка чакырды. Сөздөрүнүн биринде ал бир кезде рим кафедра башында турган Папа Григорий VIIнин 1076-жылы түндүк африкалык княздардын бирине жолдогон катынан үзүндү келтирип, анда “христиандар менен мусулмандар бир-бирине өзгөчө ыкылас менен мамиле кылууга тийиш, анткени ар башкача болсо да баарыбыз бир кудайга – ааламдын адилет жана жападан жалгыз эгесине табынабыз” деп айтылганын эске салды.

Стамбулдагы сапарын Бенедикт XVI эми негизинен христиандардын иштери менен арпалышып карытат. Рим папасы Түркияга жергиликтүү христиан жамагатына өзүнүн урматын жана ыкыласын туйдурганы, алар туш болуп жаткан кыйынчылыктарга колдоо билдиргени келгенин да айткан эле.

Эки чиркөө ортосундагы алакаларды жандантуу аракетин көп жылдарга созулган танапистен кийин мурдагы Рим папасы Иоанн Павел II баштаган эле. Ал крест жортуулдары үчүн үзүр сурап, XIII кылымда Константинополдогу кара талоондо каракталып кеткен диний ыйык табериктерди грек патриархына кайтарып берген. Патриарх Варфолемей болсо түркиялык христиандардын проблемаларын чечкенге Рим папасы көмөктөшө аларын айтып келген. Патриархиядан түрк бийликтери көп имараттарды тартып алган, диний айрым мектептерди жапкан,Анкарада түрк жараны болбогон диндарды патриарх кылып шайлаганга тыюу салган.

Рим папасы Анкарада премьер Режеп Тайып Эрдоган жана башка ырасмий өкүлдөр менен жолуккан учурда Түркиянын Евросоюзга мүчө болушуна колдоо билдирди. Папанын бул сөздөрүн түрк гезиттери коомуту толо колдоп,кубаттап жазып чыгышты. Эмки маселе - Бенедикт XVIнын визити жергиликтүү христиандардын абалына кандай шарапатын тийгизет – мына ушунда калды.
XS
SM
MD
LG