Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:03

ИРАКТАГЫ КАГЫЛЫШУУЛАР 'ИЧ-АРА СОГУШ' ДЕП АТАЛА БАШТАДЫ


Нарын АЙЫП, Прага Ирактагы куралдуу кагылышуулар акыркы мезгилде күчөдү, ал эми айрым саясатчылар жана маалымат каражаттары аны "ич-ара согуш" деп да атай баштаганын айрым саясат таанучулар орчундуу өзгөрүү деп түшүнөт.

23-ноябрда Багдад шаарында болгон кагылышуулар жана жардыруулардан бир күндүн ичинде эле эки жүздөн ашык адам курман болду. Бириккен Улуттардын эсебине караганда, октябрда Иракта 3700 ирак жараны набыт кетти, мынчалык көп чыгаша мурда болгон эмес. Британиялык "Ланцет" журналынын маалыматы боюнча, үч жарым жылдын ичинде Иракта 600 миңге жакын адам өлдү, расми маалыматтар андан 10-20 эсеге төмөн санды келтирүүдө.

Үстүбүздөгү жылдын февралында Иракта диний аралык кагылышуулар башталгандан кийин убакыт өткөн сайын алар күчөп баратат, ошондуктан көптөгөн саясатчы түзүлгөн абалды "ич-ара согуш" деп да атай баштады.

27-ноябрда Бириккен Улуттардын баш катчысы Кофи Аннан журналисттер менен жолукканда, ага - Иракта азыр ич-ара согуш жүрүп жатабы деген суроо берилгенде, ал минтип жооп берди: "Ал жерде болуп жаткан окуяларды эске алганда, менин оюмча, жагдайды өзгөртүү үчүн орчундуу чара көрүлбөсө жана абал кескин түрдө оңолбосо, биз ошондой абалга кабылабыз. Чындап келгенде, биз андай абалга дээрлик батып калдык", - деди Кофи Аннан Ирактагы "ич-ара согуш" жөнүндө.

АКШнын "Эн-би-си" сыналгысы болсо 27-ноябрда атайын билдирүү жасап, мындан ары Ирак жөнүндө маалымат таратканда, алар "ич-ара согуш" деген терминди колдоно турганын жарыялады. "Нью-Йорк таймс" жана "Лос-Анжелес таймс" гезиттери болсо - алар "ич-ара согуш" деген сөздөрдү мурда эле колдонуп келгенин билдиришти. Анткен менен айрым башка маалымат каражаттары, мисал үчүн "Си-эн-эн" сыналгысы, азырынча андай терминди коолдонуудан карманууда.

АКШнын Пеннсилвания университетиндеги Байланыш маселелери боюнча Анненберг институтунун профессору Кэтлин Холл Жеймисон мындай термин маселеси орчундуу экенин белгилейт: "Иракта ич-ара согуш жүрүп жатат деген саясатчылардын сөздөрүнө жана коомдук пикирге АКШ өкмөтү катуу каршы. Бирок маалымат каражаттары андай терминди пайдаланууга киришкени - алар америкалык эки партия ортосундагы талашта бир тарапты жактай баштаганын көрсөтөт жана мындай өзгөрүү бир топ орчундуу саясий мааниге ээ", - дейт Жеймисон.

Анткен менен, анын айтымында, эгер бул "ич-ара согуш" деген термин кеңири колдонулуп кетсе, ал АКШ жетекчилигине жардам берет жана Ирактагы америкалык аскерлердин өлкөдөн чыгарылып кетишине көмөктөшөт: "Түзүлгөн абалды 'ич-ара согуш' деп мүнөздөгөндө, ал АКШ өкмөтүнүн аскерлерди Ирактан чыгарып кетишине жардам бериши мүмкүн, анткени коомго - кайсы бир өлкөдө ич-ара согуш жүрүп жатса, ага сырттан кийлигишүүнүн кереги жок экенин түшүндүрүү алда канча оңой", - дейт Жеймисон.

АКШ жетекчилигинин айтымында болсо, Ирактын куралдуу күчтөрү өлкөдөгү коопсуздукту өздөрү камсыз кылууга азырынча даяр эмес. Кошуна Иранга сапар менен келген Ирак президенти Жалал Талабани болсо 28-ноябрда - биз өз күчүбүз менен абалды жөнгө салууга кудуреттүүбүз деп билдирди.

XS
SM
MD
LG