Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:49

ЭДИЛ БАЙСАЛОВ ПРЕМЬЕР-МИНИСТР КУЛОВДУ ОТСТАВКАГА КЕТҮҮГӨ ЧАКЫРУУДА


30-ноябрда Жалалабатта өлкөдөгү азыркы саясий кырдаал талкууланды. АКШнын улуттук демократиялык институтунун маалымат борборунда өткөн талкууга "Демократия жана жарандык коом" коалициясынын президенти Эдил Байсалов катышып, ал конституциялык укугунан пайдалана албаганы үчүн премьер-министр Ф.Куловдун отставкага кетүү зарылдыгын белгиледи. Ага жооп иретинде оппозицияга нааразы болгон жергиликтүү саясатчылар «Бакиев+Кулов» тандеми өлкөнүн тынчтыгы үчүн керек экендигин айтышты.

Жыйында жарандык коом коалициясынын төрагасы Эдил Байсалов конституциянын эмдигиче жарыяланбай, МТРК коомдук телеканалга айланбаганына жана саясий маданият өнүкпөгөнүнө тынчсызданды. Анын айтымында «Реформа үчүн» кыйымылы ай башында өткөргөн митинг тууралуу элге калыс маалымат берилбеген. Туура эмес түзүлгөн «Бакиев+Кулов» тандеминин жаракасы тереңдеп, аны бузуунун мезгили келди. Мыйзамдык укугунан пайдалана албаганы жана жаңы кризисти болтурбоо үчүн, ал өкмөт башчынын отставкага кетүүсүн оң санайт:

"Президент Бакиев мамлекет башчы катары иштей бериши керек, ал эми Феликс Кулов премьер-министрликтен кетиши керек. Бул тандем биздин элибизге жарака келтирди. Мурда кичинекей жарака болсо, азыр ошол жарака тереңдеп, жайылып кетип атат. Куловдун, эски өкмөттүн таянар күчү жок. Ошондуктан жаңы конституцияга ылайык жаңы бийликтин полномочиелерине толугу менен ээ боло албай атат",-деди Эдил Байсалов.

Конституциялык реформа азыркы бийликтин мурдагысынан айырмасы жок үчүн жасалды дейт Эдил Байсалов:"Элге туура маалымат бериш керек болчу. Тилекке каршы жаңы бийлик эски бийликтей эле күндөн күнгө жарандык коомдон алыстап атты".

“Эркиндик” жана «Жаңы Кыргызстан» партияларынын облустагы өкүлдөрү конституциянын парламент аркылуу кабыл алынганына каршы пикирлерин билдиришти. Оппозициянын саясий акцияларын айыпташып, парламентти таркатуу зарылдыгын белгилешти. Төрөкан Алимовдун сөзү боюнча президент жарандык кагылышууну болтурбоо үчүн гана Конституциянын жаңы редакциясына кол койду.

Депутат Кадыржан Батыровго тиешелүү деген жер-кеңселерди ээлегендер Байсаловду оппозициянын өкүлү катары жыйын бөлмөсүнөн кууп чыгуу ниетинде турушту."Текебаев, Байболовдун сөзүн сүйлөгөн адамдар булар. Алардын бизге кереги жок",- дешип кыйкырышты алар.

Шаар тургуну Бүбүсаранын оюнда бийликти иштетүү үчүн оппозиция керек:"Мамлекеттик саясий, экономикалык кырдаал оңолуш үчүн сөзсүз түрдө күчтүү оппозиция болуш керек өзүнүн нугунда."

Жер ээлегендердин өкүлү Бегайым Исраилованын пикиринде премьер-министр Феликс Куловдун кызматтан кетүүсүнө негиз жок:"Кулов да, Бакиев да эч убакта кетпейт. Беш жылдан кийин эл өзү чечип, жакшы болсо жакшыдай, жаман болсо жамандай шайлап алат."
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG