Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:48

ТООЛУУ КАРАБАК МАСЕЛЕСИН ЧЕЧҮҮДӨ ЖЫЛЫШТАР ПАЙДА БОЛДУ


Нарын АЙЫП, Прага 28-ноябрда Минск шаарында Шериктештиктин бийик жолугушуусу өткөрүлгөндө, Азербайжан менен Армения президенттери дагы өз алдынча кездешти. Анын эртеси президент Илхам Алиев Азербайжан сыналгысы аркылуу чыгып сүйлөп, Тоолуу Карабак боюнча сүйлөшүүлөр аяктаар алдында деп билдирди.

Тоолуу Карабак маселеси СССР чачыраар алдында, 1988-жылы чыккан. Негизинен армяндар жашаган бул аймак XX-кылымдын башында Азербайжандын курамына киргизилген, 1980-жылдардын аягында жана 1990-жылдардын башында чыккан кагылышуулардан 30 миңге жакын адам курман болгон. Алардын натыйжасында Тоолуу Карабак расми Бакыга баш ийбеген абалга жетип, өз эгемендүүлүгүн жарыялаган, бирок кошуна Армениянын курамына кирүүгө да даяр.

Маскөөнүн ортомчулугу менен көпкө уланган сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында 1994-жылы Бишкек шаарында тараптар ортосундагы ок атышууну токтотуу боюнча келишим түзүлгөн, андан бери орчундуу кагылышуулар жок, бирок маселе дагы чечилбей жатат.

Кийин Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмунун чегинде Минск тобу деп аталган уюм түзүлгөн, анын ортомчулугу менен жакында аймакка франциялык жана орусиялык дипломаттар келип кетти жана анын натыйжасында 28-ноябрда Минск шаарындагы Орусиянын элчилигинин имаратында Армения менен Азербайжандын президенттеринин жолугушуусу болуп өттү. Ага орус тышкы иштер министри Сергей Лавров дагы катышты.

Азербайжанга кайтып келгенден кийин президент Илхам Алиев 29-ноябрда мамлекеттик сыналгы аркылуу чыгып сүйлөп, Тоолуу Карабак боюнча сүйлөшүүлөр аяктаар алдында экенин жана Бакы өз турумун өзгөртпөгөнүн билдирди: "Азербайжан өз турумун өзгөрткөн жок. Азербайжан - түзүлө турган келишимде анын аймактык биримдиги бузулбаш керек экенин мурдагыдай эле катуу талап кылууда. Бириккен Улуттар тарабынан мурда кабыл алынган төрт резолюция дагы актарылыш керек, басылып алынган Азербайжан жерлери бошотулуп, бир миллионго жакын качкын өз жерлерине кайтып барууга мүмкүнчүлүк алууга тийиш", - деди Алиев.

Анын айтымында, сүйлөшүү оңой болгон жок, бирок эки тарап тең маселени чечүүгө даяр экенин көрсөттү: "Маселенин эң оор жактары талкууланды. Акыркы мезгилде алардын кээ бирлерин биз чечүүгө жетишкенбиз. Айрым маселелер боюнча болсо бир пикир мурда болгон эмес жана алар жөнүндө дагы биз макулдаштык. Бирок эң негизги, принципиалдуу маселелер боюнча пикирлер али жакындаша элек, анткен менен эки президент тең аларды чечүүгө даяр", - деп билдирди президент Алиев.

Армениянын тышкы иштер министри Вартан Осканян дагы Ереванга кайтып келгенден кийин 28-ноябрда журналисттерге - Минсктеги жолугушуу ийгиликтүү аяктаганы жана жакын арада маселени чечүүдө ири жылыштар болоору жөнүндө билдирди.

XS
SM
MD
LG