Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:52

9:25 Дүйнөлүк Банктын миссиясы Бишкекте ХИПК программасы боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө


Миссия кыргыз өкмөтү менен ХИПКке кирүү шарттары боюнча 15-декабрга чейин сүйлөшүүлөрдү жүргүзмөкчү. Дүйнөлүк банктын маалыматына караганда, Кыргызстан бул программага кирсе өлкөнүн эки миллиард доллардан ашуун тышкы карызы тең жарымына чейин кыскарышы мүмкүн. Кыргыз тарап дүйнөлүк каржы уюмдарына программага кирген шартта бошогон каражатты экономиканын реалдуу тармагына жумшоого мүмкүнчүлүктүн берилиши, реалдуу тармакты өкмөттүн өзү башкаруусу жана финансы саясатын өз эркинче жүргүзүүсү сыяктуу шарттарды коюп жатканын кечээ ХИПК программасы боюнча кыргыз өкмөтүнүн атайын өкүлү Азамат Дыкамбаев билдирди.

XS
SM
MD
LG