Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:04

ОРУС ОЛИГАРХЫНЫН ОКУЯСЫ ЧОҢ САЯСИЙ ЖАҢЖАЛГА АЙЛАНУУДА


Эл аралык издөөдө жүргөн орус олигархы Борис Березовский менен электрондук почта аркылуу Дело № гезитинин 29-ноябрдагы санындагы аңгеме-дүкөн коомчулукта кызуу талкууга түшүүдө. Анда Березовский ушул жылдын июль айында Кыргызстанга келгендигин тастыктап, келген максаты тууралуу айтып берген. Бул окуя Кыргызстандын коомчулугунда кызуу талкууга түштү. Айрым көз караштарда аны кызыкдар тараптар атайын уюштурган жасалма маек болушу да мүмкүн деген божомолдор айтылууда. Ал эми парламенттик комиссия бул маселени келерки жумадагы отурумунда талкуулаган жатат.

Березовскийдин Кыргызстанга келип-кетиши тууралуу маалыматты иликтеп жаткан депутаттык комиссиянын жетекчиси, Жогорку Кеңештин төрага орун басары Тайырбек Сарпашев “Дело №” гезитине жарыяланган маекке бир тараптуу баа берүү азыр мүмкүн эмес дейт:"Биздин депутаттык комиссияга кандайдыр бир чыгарууга, же болбосо ушул документ менен биз ишибизди жаап коюшубуз керек дегенге эртелик кылат. Албетте, кийинки жумада биз комиссиянын мүчөлөрү менен бул маалыматты талкуулайбыз. Бирок бул дагы көңүл бура турган маалымат. Демек бул маалыматты дагы көптөгөн далилдердин катарына кошуп карасак болот."

Буга чейин Кыргызстандын чегара кызматынын жетекчилиги Березовскийдин Кыргызстандын аймагына келгендиги тууралуу далил жок экендигин расмий билдирген. Дело № гезитинде жарыяланган Березовскийдин аңгеме-дүкөнүнөн кийин, анын канчалык чындыкка жакын экенин билүү максатында чегара кызматы менен байланыштык.

"Чегара көзөмөлдөө пунктунан Еленин же Березовский деген адам келген эмес. Балким ал башка фамилияда болгондур," -деди Чегара кызматынын маалымат кызматынынын башчысы Чынболот Айтмамбетов.

Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары Березовский Кыргызстанга келгендигинен күмөн санашкан жери жок. Маселен, депутат Темир Сариев Березовскийдин Кыргызстанга келгенин президент Курманбек Бакиев өзү тастыктап берген дейт:

"Президент Бакиев Жогорку Кеңешке келгенде, Березовскийдин Бишкекке келгенин билесизби? Сиздин үйбүлөңүз менен жолугушту деген чынбы?-деп суроо бергенибизде, "жок" деп кесе жооп берип, караманча танып койгон. Эми өзү тастыктап отурат, баласы Максим менен Березовскийдин жолугушканын. Ал Бористи Кыргызстанга Жерүй кени боюнча келген деп атат. Мындан кийин президент өзүнүн сөзүн айтып, өзүнүн жыйынтыгын чыгарып, тийиштүү чараларын көрүш керек."

Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы саясий мамилеге жик салат деп эсептеген депутат Сариевдин пикиринде бул маселеге парламент өзүнүн саясий баасын бериши керек.

Депутаттык комиссиянын жетекчиси Тайырбек Сарпашев комиссия жакында өз ишинин жыйынтыгын чыгарарына ишенимин билдирди. Аталган комиссия Березовский аралашкан ишке, президент Бакиевдин үйбүлөсүнө таандык саналган мүлккө, «матрешка» чатагына байланышкан маселелердин алкагында иликтеп жатат.

XS
SM
MD
LG