Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:27

КОРРУПЦИЯНЫН КЫЛЫ КЫЙШАЯ ЭЛЕК


Жакынкы күндөрү Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөшүү акциясы өтүшү мүмкүн. Мындай демилге бүгүн Коррупцияга каршы күрөш боюнча улуттук кеңештин алгачкы отурумунда көтөрүлдү.

24-марттан кийин келген жаңы бийликтин демилгеси менен түзүлгөн Коррупцияны алдын алуу боюнча мамлекеттик агенттик мыйзамдардын коррупцияга жол берген өңүттөрүнө иликтөө жүргүзүп, өксүктөрдү табуу менен алектенүүдө. Агенттик жетекчисинин орун басары Владимир Толоконцевдин көз карашында тиешелүү мыйзамдардагы, ириде Кылмыш кодексиндеги эки ача түшүнүк берген жоболор дал ушул коррупцияны ыңгайлаштырып жатат.

- Кызматкердин өзүм билемдигине жол берилбеши үчүн укук-милдеттер так, даана белгилениши керек.

Ички иштер министринин милдетин аткаруучу Өмүрбек Субаналиев мыйзамдар начар деген көз карашты колдобойт, анын үстүнө коррупцияга каршы күрөштү мыйзамдарды оңдоодон баштоо майнап берерине ишенбейт. Бул ыкма өзүн актабай тургандыгын былтыркы 24-март окуясынын келип чыгышына түрткү берген себептер аныктап берди дейт. Субаналиевдин көз карашында коррупция дээрлик мамлекеттик кызматкерлердин көнүмүш ишине айланды. Мындан коомдун аң-сезимин көтөрүү аркылуу гана арылууга болот:

- Эл - тараза, эл чечет деп атабыз. Ошо коррупцияга кирген адамдарды эл колдобош керек. Кызматтык орундардын бардыгы ачык болушу керек. Кадр саясаты ачык болуп, бириккен топ эч качан башкарбашы керек. Ошондо анан коррупцияга каршы элементтер иштейт. Ал эми репрессивдик чараларды органдар жүргүзөт: иш козгоп, сотко жеткирип, жазага тартуу дегендей. Бул башка маселе.

Мамлекеттик кызмат боюнча агенттиктин башчысы Нурманбет Токтомаматов коррупциянын араанын ачкан жагдайлардын бири катары мамлекеттик кызматкердин мүлкүн каттоо укуктарынын чектелүүлүгүн белгиледи. Анын айтымында, агенттик мамлекеттик кызматкер декларацияга каттаган мүлкүнүн чындыгын аныктоо укугу берилген эмес:

- Текшерүү механизми жок. Бир нече үйү, бир нече машинасы болуп туруп үй-жайсызмын деп жазып койгон учурлар бар. Ошондуктан, биз Жогорку Кеңешке текшерүү, тактоо механизмин киргизүүнү сунуштап жатабыз.

Коррупцияга каршы улуттук кеңеш өзүнүн алгачкы отуруму пикир алмашуу иретинде болгондуктан, кандайдыр бир чечим кабыл алуу максатын көздөгөн жок. Бирок, төрага Рашид Тагаевдин көз карашында коррупцияны алдын алуу милдетин алган агенттик текшерүүчүлүк эмес, коррупцияны болтурбоо, алдын алуунун жолдорун издөөгө багыт алып иштеши зарыл. Ушундай аракеттердин бири катары төрага жакынкы күндөрү өлкө боюнча коррупцияга каршы күрөш акциясын уюштурууну кеңештин мүчөлөрүнө сунуш кылып, колдоо алды.

Коррупцияга каршы күрөш боюнча улуттук кеңеш жана анын жумушчу органы саналган агенттик президенттин жардыгы менен ушул жылдын башында түзүлгөн. Бирок, коомчулук өкүлдөрүнүн бир кылкасы аталган орган Аскар Акаевдин заманынан келаткан жасалма уюмдун бири катары санап, ал коррупцияны чектөөгө кудурети жетеринен күмөнсүнүп келет. Мындай көз караштар адатта Кыргызстанда коррупция ашкере тереңдеп кеткендиги менен да түшүндүрүлүп жүрөт.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG