Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:48

'МАЙКРОСОФТ' КОМПАНИЯСЫ ЖАҢЫ ПРОГРАММА ЧЫГАРДЫ


Нарын АЙЫП, Прага Компьютер программаларын өндүргөн атактуу "Майкрософт" компаниясы 30-ноябрдан тартып "Виндоус-виста" деп аталган жаңы иштөө системасын сатууга чыгарганын жарыялады.

Дүйнөдөгү көпчүлүк компьютерлерге "Виндоус" деп аталган иштөө системасы орнотулган, аны америкалык ишкер Билл Гейтстин "Майкрософт" деген компаниясы ойлоп чыккан жана копьютер өндүргөн компаниялар менен сүйлөшүп, аларга башынан тартып ушул иштөө системасын орнотууга жетишкендиктен, компания көптөгөн киреше тапкан, Гейтс өзү болсо дүйнөдөгү эң бай адамга айланган.

Акыркы мезгилге чейин компьютерлер негизинен - 2001-жылдын октябрында чыгарылган "Виндоус-ЭксПи" деген система менен иштейт, бирок көптөгөн адам эмгиче - 1997-жылдын сентябрында сатыкка чыккан "Виндоус-2000" деген системаны да колдонот.

30-ноябрдан тартып болсо "Майкрософт" компаниясы "Виндоус-виста" деген жаңы системаны тарата баштаганы тууралуу жарыялады, программа азырынча ишканаларга гана сатылат, ал эми эмдиги жылдын 1-февралынан тартып аны катардагы адамдар дагы сатып алууга мүмкүнчүлүк алат. Компаниянын адистеринин айтымында, жаңы система мурдагыга караганда алда канча күчтүү жана хакерлердин чабуулдарына каршы коопсуздугу да жогорулатылган.

Анткен менен "Азаттыктын" компьютерлер боюнча Вашингтон шаарындагы адиси Жорж Кеннединин айтымында, жаңы программаны сатып алууга ал шашпайт эле, анткени "Майкрософт" адатта кайсы бир программаны чыгаргандан кийин, аны дагы жакшыртып, анын улам жаңы түрлөрүн чыгарат, ошондуктан күтө турса болот:

"Чындап келгенде, бул программа эң жакшы болуп өзгөртүлгөнгө чейин биз өз системабызды алмаштырууга шашпайбыз. 'Майкрософт' жаңы нерсе чыгарганда, анда адатта бир топ кемчиликтер болот, ошондуктан шашып кереги жок. Бүткүл компаниянын компьютерлерине 'Вистаны' койдурууга чейин тогуз айдан бир жылга чейин күтсө болот", - дейт Кеннеди.

Чындап эле, мисал үчүн, "Виндоус-2000" программасы өндүрүлгөндөн кийин, анын "Professional", "Server" жана башка аттагы жаңы түрлөрү чыккан, "Виндоус-ЭксПи" деген системанын дагы акыркы беш жылдын ичинде бир нече ар башка жаңы түрү чыгарылган.

Жаңы иштөө системасын "Майкрософттун" башчысы Билл Гейтс 6-ноябрда Маскөөгө өзү келип, коомчулукка тартуулады. Аны менен катар Орусия же башка өнүккөн мамлекеттердин өздөрүнүн көптөгөн күчтүү адистери бар, бирок дүйнөдөгү компьютерлердин көпчүлүгүнө америкалык программа коюлуп жаткандыктан, кирешенин баары АКШ компанияларына түшүүдө.

Ошондуктан, мисал үчүн, Кытай "Виндоус" системасын колдонбойт, анын адистери компьютерлер үчүн "Линукс" деп аталган башка иштөө системасын ойлоп чыгарган жана "Майкрософт" менен атаандашуу үчүн ал системаны азыр бекер таратууда.

XS
SM
MD
LG