Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:11

ЛИВАНДА ӨКМӨТКӨ КАРШЫ ИРИ АКЦИЯЛАР ӨТҮҮДӨ


Жаңыл Жусупжан, Прага Хезболланын жана бул уюмду жактаган сириячыл күчтөрдүн миңдеген колдоочулары Бейрутта экинчи күн катары менен нааразылык акциясын өткөрүп жатышат. Алар премьер-министр Фуад Синиоранын батышчыл өкмөтүнө каршы нааразылык акциясын керек болсо 3 жылга чейин уланта берерин эскертишүүдө.

Миңдеген демонстранттар Бейруттун борборундагы өкмөттүк имараттын алдында чатырларды тиги алып, түндү ошол жерде өткөрүштү. Кечээ баш калаанын көчөлөрүнө жүз миңдеген киши чыгып, өкмөттүк имараттарга киши кире албай калган эле.

Демонстранттар өкмөт кетмейинче нааразылык иш-чараларын уланта бере тургандыгын айтышууда. Алар тынч мүнөздөгү акцияларын күч алдыра тургандыгын эскертишти.

Батыштын колдоосуна ээ болгон Синиора өкмөттү көчө жүрүштөрүнүн кысымы менен таркатууга жол бербөөгө убада кылган. Ал парламент ишеним бербесе гана кетээрин билдирүүдө. Синиоранын өкмөтү парламенттеги 128 депутаттын 70 чактысынын, жарымынан ашыгынын колдоосуна ээ.

Кошмо Штаттары Бейруттагы демонстрацияларды демократиялык жол менен шайланган өкмөттү кулатуу аракети деп баалап, бул окуялардын артында Иран менен Сирия турат деп ырастады.

XS
SM
MD
LG