Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:14

15:00 ХИПИК программасына каршы пикет эртең кайра улантылат


"Кыргызстан ХИПИКке кирүүдөн баш тартууга тийиш!" деген талап менен 29-ноябардан бери пикетке чыгып жатышкан отуздан ашуун бейөкмөт уюмдар дүйшөмбү күнү бул иш-чараны улантышмакчы. Бул тууралуу “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекиси Азиза Абдурасулова бүгүн “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда пикеттин катышуучулары эртең каржы жана экономика министрлигинин алдына топтолушуп, ал жерден Өкмөт үйүнө, ЖК, Улуттук банктын жана Дүйнөлүк банктын имараттарынын алдына маал-маалы менен жөө жүрүш жасап турушмакчы. Азиза Абдурасулова ХИПИКке байланыштуу пикетке саясий партиялар да кошулууну көздөп жатышкандыгын кошумчалады.

XS
SM
MD
LG