Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:13

НАРЫНДА ХИПИККЕ КАРШЫ НААРАЗЫЛЫК АКЦИЯ ӨТТҮ


Нарын шаарындагы “Биримдик” аттуу коомдук бирикменин мүчөлөрү жана бир катар коммунисттер “ХИПИК” программасына карата каршылык митинг өткөрүштү. Жыйындын катышуучулары экономика жана каржы министри Акылбек Жапаровго, Улуттук банк төрагасы Марат Алапаевге атайын кайрылуу кабыл алышты.

«Биримдик» башкармалыгынын төрагасы Тойчубек Айдаралиев «ХИПИКТИН» максаты кыргыз жеринин кен байлыктарын алуу деп эсептейт:

- Бул Хипиктин эң эле биринчи максаты биздин кыргыз элиндеги кен байлыктарды алуу. Ал кендердин бардыгы он беш жылдын ичинде изилденип бүттү. Хипикке кирип кетсек, анын башкаруучулары биздин кен байлыктарды алып, биз итке минген мамлекет болуп калган турабыз,- дейт Тойчубек Айдаралиев

Ал эми Алкадыр Курманкожоев бул программадан өнүккөн өлкө болбогондугун айтты:

-Өнүкпөгөн өлкөлөрдүн баары кирген экен. Африкага теңелгени жатабыз,- дейт Алкадыр Курманкожоев

Компартиянын мүчөсү Асыл Жаманованын айтымында ушул кырдаалга алып келгендер Акаевдин доорундагы азыркы бийликтегилер:

- 2 миллиард доллар карыз экенбиз бүгүнкү күндө. Мурунку Акаевдин режиминде иштеген чиновникер бүгүнкү күндө дагы эле бийликте отурбайбы. Ошол Акаевдин камчысын камчылангандар күнөөлүү бүгүнкү күндө. Карыздарга белчеден батып жатканда мисалы Кулов, Бакиевдер каякта эле. «Хипик» деген кара сөз. Туш менен жазылган кара сөз,- дейт Асыл Жаманова

Облустук гезит кызматкери Аскар Сулаймановдун пикиринде өлкө Хипикке өтүү үчүн президент же өкмөт башчысы жеке жоопкерчилик алуулары абзел:

- Жетекчилердин кепили керек. Мисалы үчүн Бакиев айтып жатабы, Кулов айтып жатабы же каржы министри айтып жатабы алар кепилдик бериш керек. Эгерде мамлекет сатылып кете турган болсо башы менен жооп берем деген элдин жердин милдетин алыш керек. Элдин жердин милдетин алмайынча эл деген Хипикке өтпөйт,- дейт Аскар Сулайманов.

Митингдин жүрүшүнө облус акимчиликтин аппарат жетекчиси Аскат Апсаматов келип катышып, өз оюн мындайча билдирди:

-Азыр бул программа боюнча түшүндүрүү иштери болгон жок. Мындайча айтканда туман болуп турат. Элде азыр бул маселе боюнча туура эмес маалыматтар да болушу мүмкүн,- деген оюн билдирди Аскат Апсаматов

Митинг соңунда экономика жана каржы министри Акылбек Жапаровго, Улуттук банк төрагасы Марат Алапаевге кайрылуу кабыл алынды. «Хипикке киргизем деп аракет кылган чиновниктердин баары-эл душмандары» деп айтылат кайрылуунун бир сүйлөмү.

XS
SM
MD
LG