Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2022 шейшемби, Бишкек убактысы 20:39

1916-ЖЫЛДАГЫ ҮРКҮНГӨ ТАРЫХЫЙ БАА БЕРИЛИШИ ТАЛАП КЫЛЫНУУДА


Азиза Турдуева, Бишкек “Эркиндик” партиясы Кыргызстандын тарыхындагы 1916-жылдагы үркүнгө жана башка мезгилдерде орун алган кыргындарга байланыштуу окуяларды кыргыз улутуна карата жасалган геноцид катары таануу маселесин көтөрүүдө. Жакында мындай мыйзам Украинада да кабыл алынды. Ушул демилгеге карата азырынча ар кандай көз караштар айтылууда.

Кыргыз эли өз башынан өткөргөн айрым саясий окуяларды кээ бир тарыхчылар тукум курутка жакын же геноцид катары баалашат. Мисалга алсак, мындай окуяларга 1870-жылдардын башында Кокон хандыгын басып алуудагы падышалык Орусиянын кыргындары, 1916-жылкы улуттук –боштондук көтөрүлүштүн натыйжасындагы үркүндөгү кырылуу, советтик тоталитардык режимдин тушундагы 1920-30-жылдардагы массалык репрессиялар кирет.

Жакында Украинанын парламенти 1932-33-жылдарда өлкөдө болгон ачарчылык украин элине карата жасалган геноцид экендигин аныктаган мыйзамды кабыл алды. Бул мыйзамга ылайык, мамлекеттик бийлик жана тиешелүү органдар украин улутунун биримдигин күчөтүү, 1932-33-жылдардагы ачарчылык жөнүндө эл аралык коомчулукка маалымат таратууга, бул трагедиялуу окуялар боюнча жаңы илимий иликтөөлөрду жүргүзүүгө шарттарды түзүүгө, ал жылдары шейит кеткендерге эстелик тургузуу иштерине жетекчилик кылууга милдеттендирилди. Бул иштерге жыл сайын мамлекеттик бюджеттен акча каражаты бөлүнө турган болду.

Учурда Кыргызстандагы “Эркиндик” партиясы да 1916-жылдагы үркүнгө жана кыргыз элинин тарыхындагы башка кыргынга алып келген окуяларына тарыхый баа берип, аларды падышалык Россия тарабынан жана сталиндик режим учурунда кыргыз элине карата жасалган геноцид катары тааныган мыйзам долбоорун иштеп чыгуу сунушу менен чыгууда.

Аталган партия 2-декабрда Бишкекте атайын жыйын өткөрүп, анын жетекчиси Топчубек Тургуналиев бул окуяларга эмдигиче саясий баа бериле электигин, ага байланыштуу атайын мыйзам кабыл ылынышынын зарылдыгына токтолду:

- Эмдигиче биздин өлкөдө 1916-жылкы кыргынга, сталиндик репрессиялар учурунда кыргыздарга карата жасалган жана башка кыргындарга саясий баа берилип, тиешелүү мыйзам кабыл алына элек. Бул маселени көтөрүүгө мезгил келип жетти. Бирок, муну менен биз азыркы Россияны күнөөлөгөн жерибиз жок.Бул кыргындар падышалык Россиянын мeзгилинде, сталиндик режим учурунда орун алган .

Президенттин алдындагы Стратегиялык изилдөөлөр боюнча эл аралык институтунун директорунун орун басары Ташмамбет Кененсариев белгилегендей, Кыргызстанда да, Украинадай, кыргыздарга карата жасалган кыргын катары бааланган тарыхый окуяларга байланыштуу мыйзамды кабыл алуу зарыл, бирок, бул аракеттер Россия Федерациясы менен Кыргызстандын ортосундагы азыркы мамилелерине кандайдыр бир залакасын тийгизбеши керек:

- Кыргыз элинин башынан өткөн кыргындарды мындан кийин кыргыз муундары үчүн болтурбоо керек деген, геноциддик саясатты түп- тамырынан жок кылуу максатында атайын бир мыйзам долбоорун иштеп чыгып, аны Жогорку Кеңешке сунуштоо маселеси көтөрүлүп жатат. Менимче бул актуалдуу маселе. Бирок, бул жерде ушул мыйзамдын Кыргызстан менен Россия Федерациясынын мамилелерин бузуп албагандай кылып туруп иштеп чыгуу керек деп ойлойм. Анткени, тарых деген тарых, ал эми азыркы мамилер-бул башка маселе , дейт Ташмамат Кененсариев.

Бирок, коомчулукта үркүнгө байланыштуу аламаатты жана кыргыз элин кыргынга дуушар кылган башка окуяларды азыркы учурда козгоонун кажети жок, бул маселе Россия менен Кыргызстандын ортосундагы, эки элдин ортосундагы мамилелерге терс таасирин тийгизиши ыктымал деген көз караштар да айтылууда. Мындай пикирин Кыргызстан коммунисттер партиясынын жетекчиси Орозбек Дүйшеев да билдирди:

-Албетте, 1916-жылдагы үркүн оор окуялардын бири. Ал падышалык Россия учурунда орун алган кыргын. Бирок, бул маселени азыр мамлекеттик деңгээлде көтөрүүнүн кажети жок. Мыйзам кабыл алабыз деп атышат. Ал мыйзам эки өлкөнүн ортосундагы алакаларга, эки элдин өз ара мамилелерине доо кетирип койушу мүмкүн. Ошондуктан, андан эч кандай пайда жок, зыян гана болот ,-деди коммунист Дүйшеев.

“Эркиндик” партиясы тарыхчылар, юристтер, мамлекеттик, коомдук ишмерлерден турган атайын жумушчу топтун түзүлүшүн жана үркүндү жана кыргыз элин кыргынга салган башка окуяларды геноцид катары тааныган мыйзам долбоорун иштеп чыгууну сунуштады.

XS
SM
MD
LG