Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:28

ПРЕЗИДЕНТ КОНСТИТУЦИЯНЫ ТУРМУШКА АШЫРУУГА ЧАКЫРДЫ


Жогорку Кеңешке Курманбек Бакиев менен бирге өкмөттүн толук курамы, сот бийлигинин жетекчилери келди. Парламентке быйылкы жыл ичиндеги төртүнчү жолку кайрылуусунда президент өтүп бараткан жылды татаал катары баалап, кабыл алынган Конституциянын жаңы редакциясын тезирээк ишке киргизүүнү сунуштады.

"Биз мүмкүн болушунча тезирээк Конституциянын жаңы редакциясынын талаптарын ишке ашырууну аныктай турган жобону иштеп чыгуубуз керек. Ансыз саясий жашообуз мурдагы калыбында кала берет. Жаңы конституциянын ишке киришине өбөлгө биринчи кезекте өкмөт жөнүндөгү мыйзамды иштеп чыгуу,анын структурасын жаңылоо болмокчу",-деди Курманбек Бакиев.

Андан сырткары саясий партия, сот системасы жөнүндө мыйзамдар иштелип чыгууга муктаж экенин белгилеген президент, конституциянын жаңы редакциясындагы мүчүлүштүктөрдү оңдоо үчүн көз карандысыз эксперттик комиссия түзүп, өзгөртүүлөрдү азыркы конституциянын талабына ылайык жүргүзүү зарылдыгын жана экономикалык багыттагы мыйзамдарды кабыл алуу керектигин белгиледи. Экономикалык багыттагы президенттин демилгеси Камбарата ГЭСтерин курууга мыйзамдык жол ачуу, Бишкек ТЭЦинин тагдырын чечүү, «Кыргызалтын», «Кыргызтелеком», «Манас» аба майданы сыяктуу ири компанияларды менчиктештирүү, алардын ишин ачыктыгын камсыздоо багытында болду. Президент парламентти таркатууга каршылыгын дагы бир ирет айтып, ХИПК программасы боюнча мындай пикирин билдирди:

"Урматтуу депутаттар, биз ХИПК программасын кабыл ала турган болсок, бизге сунуштаган шартта кирбейбиз. Биз өзүбүздүн өкмөт сунуштаган шартта гана киребиз".

Президенттин сөзүнөн кийин депутаттар мамлекет башчысына суроолорун бере баштады. Депутат Өмүрбек Бабанов президенттин кайрылуусун оң баалап, бирок митингиге чыккан адамдарды куугунтуктоолорду токтотууну талап кылды. Президент митингиге чыккандарды куугунтуктоо болбосун айтып, ал эми айрым адамдардын салык жаатында проблемасы болсо, аны саясий маселеге айлантпаш керектигин эскертти. Ал эми Өмүрбек Текебаев мындай пикирин ортого салды:

"Президенттин сүйлөгөн сөзү жакшы. Текстке мен биринчи жолу ыраазы болуп жатам. Бул президенттин сөзү, лидердин сөзү. Анан азыр Курманбек Салиевич ар бир депутатка жооп берем деп жатат. ТЭЦке кирип кетип кетти. Аяк-буяк жөнүндө сөз боло баштады. Сүйлөсөк глобалдуу сүйлөйлү. Президент уксун. Чоң реформалар жөнүндө сүйлөсөк".

Депутат Темир Сариев губернаторлорду дайындоодо президент жаңы Конституциянын талаптарын бузганын, ал эми биринчи вице-премьер-министр Данияр Үсөновго эч ким ишенбейт деген пикирин билдирди:

"Курманбек Салиевич, биринчиден саясий куугунтуктоону токтотсоңуздар. Сиз куугунтуктаган жокмун деп жатасыз. Бирок сиздин жан-жөкөрүңүздөр абдан куугунтуктап жатат. Экинчиси, мен ойлодум эле ушул конституция кабыл алынгандан кийин сиз өзүңүздөн баштайт деп. Бирок андай болбоду. Биринчиси, бир-эки жолу жардык чыгарып губернаторлорду туура эмес дайындадыңыз. Экинчиси, бүгүнкү күнгө чейин сиздин администрация иштеп келатат. Конституция боюнча аппарат болуш керек эле. Сиз аны жардык менен бир күндө которуп койсоңуз болмок".

Депутат Исхак Масалиев президенттин администрациясы жана өкмөттүн аппараты дурустап иштебей жатканын, натыйжада керектүү мыйзамдар аткаруу бийлиги тарабынан келбей жатканын белгиледи.

Мамлекет башчысы бул күнү көпчүлүк депутаттардын мына ушундай багыттагы суроолоруна жоопторун берип, зарыл болгон мыйзам долбоорлорун кабыл алуу үчүн өкмөттү декабрь айында толугу менен парламенте иштөөгө чакырды.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG