Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:57

ПИОНЧЕТ ЖҮРӨГҮ КАРМАГАНДАН КИЙИН АБАЛЫ ТУРУКТАШЫП КАЛДЫ


Жаныл Жусубжан, Прага Чилинин экс-диктатору Генерал Аугусто Пиночет жекшембиде жүрөгү катуу кармап, кан тамырын тиктирген операция жасатты. Операциянын алдында чиркөө кызматкерлердин алдында генерал керээз-мурасын айткан экен. Дарыгерлер анын абалы турукташып калгандыгын билдиришүүдө.

Өткөн айда 91 жашка чыккан генерал Пиночеттин кан тамырына апта соңунда пластикалык операция жасалганын уулу Марко Антонио Пиночет маалымдады. Ал операция иш жүзүндө атасын өлүмдөн сактап калгандыгын билдирди. Пиночетти карап жаткан дарыгерлер тобунун жетекчиси Хуан Игнасио Вергара генерал акыл-эсинде экендигин, урук-туугандары менен сүйлөшүп жаткандыгын бышыктап, буларды кошумчалады:

Ал коркунучтан толугу менен кутулду деп айта албайбыз. Адатта операциядан кийинки 24-48 саат көп нерсени чечет. Жүрөгү операцияны кандай кабылдаарын дагы көрө жатабыз. Оорулуунун диабети, бөйрөк мандеми бар экенин баарыбыз жакшы билебиз. Эртең мененкиге караганда, ал өзүн жакшыраак сезип жатканы шексиз. Абалы турукташып калганында күмөн жок.

Уулунун айтымында, жекшембиде генерал айта турган керээз-мурасын айтып, ага ыйман окулду. Ал эми өкмөттүн маалымат катчысы Ричардо Лагос Вебер өкмөт бардыгына даяр тургандыгын кендигин билдирди. Август айында президент Мишел Бачле Пиночеттин көзү өтүп кетсе, анын сөөгүн жерге кою мамлекеттик деңгээлде өткөрүлбөйт деп айткан эле. Ал мындай азем чили элинин ар-намысына шек келтирет деген.

Генерал Пинчетке өткөн аптада эле 1973-жылы Кошмо Штаттары колдогон төңкөрүштө кулатылган марксист президент Салвадор Алленденин эки жан сакчысын уурдап кетип, өлтүргөн деген айып коюлуп, үй камагына отургузулган эле. Соңку жылдары экс-диктаторго мындан тышкары 1975-жылы саясий атаандаштарынын дайынсыз жоголушу, саясий айыпкерлерди уурдоо жана кыйноо, коомдук документтерди бурмалоо, чет өлкөдө жашырып койгон байлыгын ачыкка чыгарууну иликтөөгө байланыштуу паспорт жасап, пайданалгандыгы боюнча айыптар коюлган.

2004-жылы Кошмо Штаттарынын Сенаты ачыкка чыгарган документтен генерал Пиночет Вашингтондогу Риггс банкына 8 миллион долларды жашыруун салып койгондугу белгилүү болгон. 1991-жылы өкмөттүк комиссия тарабынан жарыяланган отчетто Пиночеттин аскерий диктатурасы тушунда дээрлик 3200 киши дайынсыз жоголуп, өлтүрүгөндүгү айтылган. Ал эми 2004-жылы саясий түрмөлөр жана кыйноолор боюнча комиссия кеминде 28 миң киши кыйноолордун курмандыгы болгон деп тапкан эле.

XS
SM
MD
LG