Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:42

БРИТАН ТЕРГӨӨЧҮЛӨРҮ МОСКВАГА ЖӨНӨГӨНҮ ЖАТЫШАТ


ФСБнын мурдагы офицери Александр Литвиненконун өлүмүн териштирип жаткан британ полициясынын кызматкерлери жакынкы күндөрдө Россияга барат. Алар бул жерде бир нече кишини суракка алганы жатышат. Литвиненко 23-ноябрда Лондондогу ооруканалардын биринде каза болгон эле. Врачтар аны полоний менен ууланган дешет. Полонийдин издери Лондондо бир нече жерден табылды.

Брюсселде бүгүн Евросоюздун ички иштер министрлеринин жыйыны башталар алдында британ министри Жон Рид полициянын бир нече кызматкери Россияга жөнөтүлө турганын ырастады. Алар зарыл болгон бардык жерлерге барганга даяр, иликтөө иштери демейки тартипте жүргүзүлөт, деп айтты британ ички иштер министри.

Айрым маалыматтарда Россияга полициянын тогуз кызматкери барары, алар КГБнын мурдагы кызматкери Андрей Луговойду жана анын жолдошу Дмитрий Ковтунду суракка алары айтылат. Экөө тең 1-ноябрда Лондондо Литвиненко менен жолугушкан. Луговой өзү Литвиненкону ууктурганга караманча тиешеси жоктугун айтып,ким бирөө полицияны адаштырганы мунун баарын атайылап жасаган деп билдирди.

Өткөн аптада британ тергөөчүлөрү АКШда КГБнын мурдагы дагы бир кызматкери Юрий Швецти да суракка алышты. Швец Литвиненконун жакшы таанышы болгон, азыр АКШда турат. КГБнын мурдагы тыңчысы ЮКОС компаниясынын ишине байланыштуу кандайдыр бир каралама материалдарды чогултканын танып, бирок Литвиненконун көзүн тазалаганга кызыкдар болгон бир адамдын атын полицияга айткан имиш. Швец муну журналисттерге ырастагандан баш тартты.

Литвиненконун өлүмүн териштирүү иши Британиядан башка өлкөлөрдө да жүргүзүлүп жатканын жекшемби күнү Жон Рид маалымдаган эле. Кеп кайсы өлкөлөр тууралуу болуп жатканын ал тактаган жок. Рид ошондой эле бул ишке Кремлдин тикелей тиешеси болушу мүмкүн деп түкшөмөлдөгөн суроолорду да жоопсуз калтырды. Додомол – эң жаман жол, кийин осол абалда калбасак болду, деп кошумчалады ал.

Россияда ФСБнын мурдагы полковниги, азыр түрмөдө жаткан Михаил Трепашкин өз адвокаттары аркылуу британ полициясына аны да суракка алынууну өтүнүп кайрылды. Трепашкин кезинде Литвиненко менен бирге 1999-жылы Москвада жана Волгодонскиде турай-үйлөрдү кимдер жардырганын иликтеген. 2004-жылы ал мамлекеттик сырды шардана кылганы үчүн айыпталып, төрт жылга түрмөгө кесилген. Трепашкин британ полициясына айта турган маалыматтары бар экенин билдирди.

Россиянын бийликтери болсо Литвиненконун өлөр алдында жазган катын жарыялаганы үчүн британ өкмөтүнө нааразылык билдиришти. Өз катында Литвиненко президент Путинди айыптаган эле.

Литвиненконун таажиясы качан болору белгисиз. Дарыгерлер анын сөөгүн ачып, эмнеден ууланганын текшерип чыгышкан эле,бирок анын жыйынтыктары азыр маалым кылына элек. Литвиненко көз жумар алдында атасына аны мусулман салтына ылайык жерге берүүнү суранган экен. Чечен сеператисттеринин интернет-сайтында Литвиненко мусулман динине өткөнү айтылат. Бирок анын атасы россиялык “Коммерсант” гезитинде бүгүн жарыяланган интервьюсунда муну тастыктаган жок.

XS
SM
MD
LG