Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:42

НОЯБРДА КРИЗИСТЕР КЫЧАДЫ


Быйылкы жылдын ноябры дүйнөдөгү кризистүү ай болду. Он төрт аймакта кырдаал кыйындады, жети чөлкөмдө жаңы жаңжалдар тутанганы турат. Ал эми алтымыштан ашуун өлкөдө жана аймакта жагдай өзгөргөн жок. Бул маалыматтар эл аралык кризис тобунун отчетунда айтылат.

Эл аралык кризис тобу дүйнөдөгү кооптуу делинген аймактарга, алардын абалына байланыштуу өзүнүн отчетторун мындан кырк ай – дээрлик үч жарым жыл мурда жарыялай баштаган. Быйылкы жылдын ноябры, Crisis Watchтун баасында, кризистер кычаган ай болду. Өзгөчө Иракта өткөн айда өлүм-житим өтө көп болду, мындай кандуу абал АКШнын аскердик интервенциясы башталгандан бери катталган эмес эле. Айтмакчы, Улуттар Уюмунун баш катчысы Кофи Аннан бир нече жыл мурда Ливанда жана башка жерлерде тополоң чыкканда аларды жарандык согуш деп атаган элек, Ирактагы абал андан да жаман, деп белгиледи.

Crisis Watch мындан тышкары Чаддын чыгыш аймагындагы кагылыштарда алтымыштан ашуун кыштакта жүздөгөн кишилер кыргынга учураганын белгилейт. Суданда түштүк жана түндүк аймактарынын 2005-жылы кол коюлган келишими бузулуп, боштондук армиясы менен өкмөттүк куралдуу күчтөрдүн кагылышы тутанды. Сомалидеги кырдаал да толук масштабдуу урушка айланганы турат. Ливанда дагы бир саясий ишмер киши колдуу болуп, өкмөттөн жергиликтүү шейиттердин өкүлдөрү чыгып кеткен соң калк эки жаатка бөлүнүп,ортодогу ажырым-айкаштар күчөдү. Кот-д’Ивуарда премьер менен президенттин ич ара аразы куралдуу чатакка айланып,мамлекет башчысына жан тарткан коопсуздук күчтөрү Абижан шаарын басып алды. Жалпы кырдаал Азербайжанда, Боливияда, Бурундиде,Борборафрика республикасында, Колумбияда, Фижиде, Индияда жана Тонгада начарлады.

Crisis Watch ноябрда үч өлкөдө гана кризис чечилгенин көрсөтөт. Непалда маоисттер менен өкмөт жарашуу келишимин түзүп, он жылга созулган ич ара согуш басылды. Сенегалдын президенти да козголоңчулардын лидерлери менен жолугушуп, улуттук биримдикке жетүү максатында бир нече кадамдарды жасады. Кыргызстанда кабыл алынган жаңы Конституция кырдаалдын кылоосун мокотконго өбөлгө түздү.

Crisis Watch Бангладеште, Борборафрика республикасында,Чадда, Кот-д’Ивуарда, Фижиде, Ливанда жана Сомалиде абал курчуп,жаңжалдар чыгып кетиши ыктымал деп эскертет.

Crisis Watch дүйнөнүн алтымышка чукул өлкөсүндөгү жана аймактарындагы кырдаалда не оң, не терс мааниде өзгөрүү болбогондугун белгилейт. Ооганстанды, экс-советтик республикалардан Белоруссияны, Кавказ республикаларын, Борборазиянын Кыргызстандан башка төрт өлкөсүн Crisis Watch “кыймылсыз кырдаал” өкүмсүргөн аймактарга кошкон.

XS
SM
MD
LG