- Конституциянын жаңы редакциясы боюнча президент менен парламенттин ортосунда айрым түшүнбөстүктөр бар экенин депутат Байболов айтты. Кайсы маселелер талаштуу болчудай?
-Кечээки айтылган сөздөр боюнча президент дагы, өкмөт дагы биздин парламент менен конструктивдүү иштейли деп айтып өттү. Экономикалык блоктогу мыйзамдарды алып бергиле деп айтты. Андан кийин карама-каршылыктарды токтотуп, жаңы Конституцияга жоопкерчиликтүү карайлы деген сөздөр айтылды. Менин оюмча, бул жакшы кадам болду. Депутаттар тарайбызбы, тарабайбызбы, иштеше алабызбы же албайбызбы деген көп маселелер ачык-айкын айтылгандан кийин парламент менен өкмөт, президенттин администрациясы конструктивдүү иштейт деп ойлойм.
- Конституциянын жаңы редакциясы толук кандуу күчүнө кириш үчүн парламент биринчи кезекте өкмөт жана саясий партиялар жөнүндө мыйзамдарды кабыл алышы керек, туурабы?
-Туура.
- Бакиев парламент экономикалык өнүгүүгө жол ача турган мыйзамдарды тез арада кабыл алып бериши керек деп белгиледи. Анын арасында Камбарата ГЭСи, Кыргызтелеком, Кыргызалтын жөнүндөгү мыйзамдар кабыл алынса, экономикалык жактан жылыш болот деген президенттин пикирине кошуласызбы?
-Кошулам, анткени Кыргызтелекомдун биздин казынага пайдасы канча экенин көрүп жатпайбызбы. ТЭЦтин акывалын көрүп жатабыз, Нарын каскадынын туруп калганын көрүп жатабыз. Ошолордун баарына жол ачып барыш керек. Биздин кошуна мамлекеттерден Казакстанды алалы, менчиктештирүүгө барышып, жакшынакай эле өркүндөп өсүп жатат. Менчиктештирүү маселесин мен дагы колдоймун.
- Экономиканы өнүктүрбөй жаткан башкы маселелердин бири коррупция. Биз менен маектешкен ишкерлердин көбү Кыргызстанда коррупция азайган жок, тескериcинче көбөйдү, паракорлук күчөдү деп айтып жатышат. Сиздин пикириңиз кандай?
-Коррупциянын күчөшү 24-марттан кийин мыйзамдардын баары толук кандуу иштебей, коомдогу болуп жаткан баш аламандыктан, саясий туруктуулуктун жоктугунан, криминалдын күч алышынан болуп жатат. Канчалык саясий туруктуулук болуп, оппозиция менен бийлик жакшы тил табышып, бардык бийликтердин бутактары туура конструктивдүү иштей баштаса, коррупцияны жойгонго жакшы бир жол ачып берер эле. Баарыбыз чаржайыт болуп жатабыз. Ошон үчүн бир нукка келип, тартипти күчөтүп иштей баштасак бул багыттагы иштер оңолот.
-“Дордой” ассоциациясынын кирешеси соңку бир жарым жыл ичинде көбөйдүбү же азайдыбы?
-Былтыр 2005-жылы “Дордой” ассоциациясы жүз миллиондон ашкан салык төккөнбүз. Быйылкы 2006-жылдын декабрь айынын акырында эсеп боюнча 130 миллион сом казынага берген жатабыз. Ушундай фирмалар көбөйсө жакшы болмок. Майыптарга, студенттерге, жакырларга жыл сайын 10 миллион сомдон ашык каражат менен жардам беребиз.
- “Дордой” ассоциациясынын он беш жылдык мааракеси болот экен. Ага карата он беш обьект курулуп жатат деп уктук. Алар кандай куруштар?
-Бишкек шаарына 3000 м2 автосалон, Койташ айылына 1300 м2 жыйын өткөрө турган чоң зал, Нарын шаарына жана Атбашы айылына соода борборун салдык.
-Кыргыз спортчулары Катарда өтүп жаткан 15-Азия оюндарында жакшы ийгиликтерди көрсөтө албай жатышат. Спортко көңүл буруу иши ойдогудай эмеспи. Сиз демөөрчү болуп келе жатпайсызбы?
-Кыргызстандын экономикасынын бир бутагы - бул спорт менен искусство. Мамлекет кандай болсо спорт жагы да ошондой болот. Спортту колдоо маселеси жакшы деңгээлде эмес.