Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:42

К.БАЙБОЛОВ: “УКУК КОРГОО ОРГАНДАРЫҢЫЗ МЫЙЗАМДЫ АЛАЛАП КОЛДОНУП ЖАТЫШАТ”


Бүгүн президент Курманбек Бакиевдин Жогорку Кеңештеги кайрылуусун бир катар депутаттар жылуу кабыл алышты. Алардын пикиринде, коомдогу саясий кырдаал, Конституциянын жаңы редакциясына жана ХИПК программасына байланыштуу суроолорго президент өз көз карашын билдиргени ар кандай божомол сөздөрдүн чыгышына бөгөт коет. Ал эми айрым депутаттардын пикиринде, Бакиев бүгүнкү кайрылуусунда ой-пикирин толук жеткире алган жок.

Президент К. Бакиевдин кайрылуусунан кийин Жогорку Кеңешин депутаттары суроо-жоопко өтүшкөндө, депутат Өмүрбек Бабанов бийлик тарабынан «Реформа үчүн» кыймылдын мүчөлөрүнө куугунтук болуп, айрым ишкерлерге финансы кызматы тарабынан кысым көрсөтүлүп жатканын айтты. Ал Бакиевден ноябрдагы митингдин катышуучуларына кысым көрсөтпөөнү өтүндү. Президент болсо укук коргоо органдарына, президенттик администрацияга аталган кыймылдын мүчөлөрүн куугунтукка алуу тууралуу эч кандай көрсөтмө бербегенин билдирди.
Аткаруу бийлиги жана президенттик администрация саясатка аралашпай, экономиканы көтөрүү багытында иш алып баруусун эскертти. Бакиев ошондой эле салык жашыргандар болсо мыйзамдын чегинде жооп бере тургандыгын белгиледи. Депутат Кубатбек Байболов болсо укук коргоо органдары калыстыктан тайып, өздөрү мыйзам бузууларга жол берип жатканын айтты.

"Укук коргоо органдарыңыз мыйзамды алалап колдонуп жатышат. Туура, эгерде мыйзам бузулса. Салык төлөнбөгөн болсо мыйзамдуу түрдө чара колдонуш керек. Кептин бардыгы тең ошол текшерүүгө жиберилген адамдар, өлсөң да тап деп тапшырма бергендигин ыйлап айтып атышат. Ал эми ошол эле учурда миллиондогон долларларды, жүздөгөн миллиондогон долларларды каткандарга мыйзам колдонулбай жатат."

Байболов ошондой эле жаңы Конституция боюнча Бакиевге президенттин юридикалык бөлүмү туура эмес маалымат берип жатканын айтып сынга алды.

"Конституция ошол кол коюлгандан баштап түздөн-түз иштей баштайт, деп он экинчи беренеде жазылып турбайбы.Демек ошол норма иштеш керек эле да. Сиздин юристтериңиз сизге туура эмес маалыматтарды, түшүндүрмөлөрдү берип уятка калтырып атат,"-деди Кубатбек Байболов.

Ал эми Жогорку Кеңештин төрагасы Марат Султанов бүгүн парламенттеги президент Курманбек Бакиевдин кайрылуусундагы Конституцияны иштеткен мыйзамдарды тез кабыл алуу сунушун колдой тургандыгын билдирди. Анын айтымында, экономикалык маселелер боюнча Камбарата1, Камбарата2 ГЭСтеринде проблема деле болбойт. Ал эми Бишкек ТЭЦине байланыштуу маселеде талаш-тартыш жаралышы мүмкүн. Султанов ошондой эле бюджет маселесин талкуулаганда бир топ карама-каршылыктар пайда болорун белгиледи.

Депутат Мелис Эшимканов болсо президент Бакиев парламенттеги кайрылуусунда өз ой-пикирин толук жеткире алган жок деген көз карашта.

"Эми президенттин кайрылуусунун жазылганына, аны окуп бергенине канааттандым. Мурдагыдай коркутуп-үркүтпөй, Конституцияны иштетели деген жакшы тилек, жакшы максат менен келиптир. Менин айтайын дегеним, негизинен президенттин командасы начар экен. Өзүңөр деле уктуңар Жогорку соттун төрагасы Курманбек Осмонов президенттин көзүнчө айтпадыбы. Отуз төрт судья мыйзамсыз түрдө мөөнөтү бүтө электе кызматынан бошотулду, дебедиби. Бул эмнени билдирет. Бул ошол ак үйдөгү кадрдык саясаттын жоктугун, баш аламандыгын билдирет. Курманбек Салиевич, бүгүн жакшы тилек менен келген оюн толук кандуу жүз пайызга жеткире алган жок деп ойлойм,"-деди Мелис Эшимканов.

XS
SM
MD
LG