3-ноябрда өкмөт башчы Феликс Кулов парламентте билдирүү жасап, анда оппозициянын МТРК, Ички иштер министрлигин, Башкы прокуратураны жана башка маанилүү мамлекеттик обьектилерди басып алуу ниети бар экендигин айткан. Ага далил катары “Реформа үчүн” кыймылдын кеңешмесинен жазылып алынган үн тасманы белгисиз адам президенттин күзөт бөлүмүнө тапшырганын билдирген. Бул факты боюнча Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоп, аны тергөөнү Улуттук коопсуздук кызматына тапшырган.
Бирок, эки күндөн кийин Ф.Кулов ал катты кылмыш ишин козгоо максатында берген эмесмин деп чыккан. Бирок, Башкы прокуратура кылмыш ишин ачып, тергөө улантыларын маалымдаган. Тергөө азыр кандай жүрүп жатканы тууралуу Башкы прокурор Камбаралы Конгантиев “Азаттыкка” берген маалыматында мындай деди:
- “Реформа үчүн” кыймылдын мүчөлөрүнө эч кандай куугунтук жок. Өзүңөр жакшы билесиңер парламенттин кеңешмесинде премьер-министр Феликс Кулов аудио кассетасын, кагазга түшүрүлгөн текстин берди. Ошол жерде кагазга түшүрүлгөн сөздөрдү угуп көрсөк, айрым-ачык көрүнүп турат “заговор”, мамлекеттик төңкөрүш жөнүндө. Анан ошол фактылар боюнча кылмыш иши козголгон. Азыр тергөө иштери жүрүп жатат. Ал эми “Реформа үчүн” кыймылдын мүчөлөрү сурала элек. Мисалы, ошол депутаттар. Аларга тергөө боло элек. Бирок мен ачык айтып коеюун - мыйзамдын негизинде күнөөлөрү далилденсе, бардыгы жоопко тартылат!
“Жарандык коом коррупцияга каршы” укуктук борбордун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова “Реформа үчүн” кыймылдын мүчөлөрүнүн укугун коргоо максатында аларды куугунтукка албоону, кысым көрсөтпөөнү өтүнүп президентке, өкмөткө, баш прокурорго кайрылуу жолдогонун билдирди. Анын айтымында, ырасмий бийликтен эч кандай жооп болгон эмес.
- УККнын тергөөчүсү менен мен сүйлөштүм. Анан ал айтып атат: ”Мен кылмыш ишин токтотуп эле коймокмун, бирок башкы прокурор ушундай кылмыш ишин ачып койгон”деп,-деди Т. Исмаилова Роза Отунбаевага козголгон иш тууралуу.
Т.Исмаилованын пикиринде, чуулгандуу үн тасмага байланыштуу маселени козгоо менен бийлик тескерисинче кырдаалды курчутат. Бакиев өзүнүн командасын жаңы Конституция боюнча ишти илгерилетүүгө, социалдык-экономикалык маселелерди көтөрүүгө, реформаны ыкчамдатууга үндөсө натыйжалуу болмок.
Учурда “Реформа үчүн” кыймылдын ондон ашуун мүчөлөрү Улуттук коопсуздук кызматына барышып сурак берип жатышканын айтышууда. Айрымдары үн тасма жазылган жыйынга деле катышпаптыр.
- Чынын айтканда мен ошол жыйынга барган эмесмин. Сөзүм дагы жок. А, эмне үчүн мени чакыртып атат? -дейт Болот Байкожоев.
Кыймылдын дагы бир мүчөсү Өмүрбек Абдырахманов дагы жыйынга катышпагандыгын, үн тасмада анын үнү жок экендигин, бирок Улуттук коопсуздук кызматынын тергөөчүлөрү аны төрт жолу суракка алышканын айтты.