Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:02

ЖОГОРКУ КЕҢЕШ БИЙЛИКТИ КАЙРА БӨЛҮШТҮРҮҮДӨ


Бүгүн Жогорку Кеңеш өзүнүн структурасы боюнча талкууну баштады. Депутаттык топтор структура боюнча өздөрүнүн долбоорун сунуштады. Ал долбоорлорду рейтингдик добуш берүү менен тандап алуу башталып, бирок аягына чыкпай калды.

Жогорку Кеңештин жаңы структурасын түзүү демилгеси Конституция жаңылангандан кийин көтөрүлүп, 4-декабрдагы президенттин парламенттеги сөзүнөн кийин Жогорку Кеңештин күн тартибине алгачкылардан болуп коюлду. Депутаттык топтор структура боюнча алты долбоорду сунуш кылышты. Талкуулардын жүрүшүндө эки долбоор тандалып алынды. Ал депутат Өмүрбек Текебаевдин долбоору. Аны «Реформа үчүн» кыймылга кирген депутаттар колдоодо.

Экинчи долбоор «Мекен» депутаттык тобу тарабынан сунушталган. Долбоорлордун экөөндө тең комитеттердин санын көбөйтүү сунушталган. Депутат Текебаев сунуштаган жаңы долбоордо Жогорку Кеңеште 14 комитет, беш комиссия түзүү каралган. Ал эми «Мекен» депутаттык тобу сунуштаган долбоордо 17 комитет, үч депутаттык комиссия түзүү сунушталган. Комитеттердин санынын көбөйүшүн Өмүрбек Текебаев мындайча негиздеди:

"Мисалы, депутат Эсенамановдун комитети үчкө бөлүндү. Буга чейин ал эмне деген гигант эле? Ошондуктан ал отун өнөр жайы комитети, транспорт жана коммуникация комитети, өнөр жай, ишкерлик жана табийгат ресурстарын пайдалануу комитети болуп үчкө бөлүндү. Бул депутат Эсенамановго ишеним көрсөтпөгөндөн эмес. Маселенин көптүгүнөн, адис депутаттардын казып иштейбиз дегенинен келип чыкты".

Азыркы учурда болсо парламентте жети комитет жана үч комиссия иштеп турат. Түшкө чейин депутаттар сунушталган бул долбоорлорду кабыл алуу боюнча кеңешүүлөрдү жүргүздү. Андан кийин чогулган депутаттарга төрага кайрылып, структураны январь айында кароону сунуштап, аны мындайча негиздеди:

"Палата бөлүнүп калбасын. Консультация болсун. Азыр менин билишиме караганда, эки вариант түзүлгөн. Ошондуктан мен маселени жылдырып коюуну сунуш кылып жатам. Анткени консультация жүргүзүшүбүз керек. Мен төрага катары палатанын экиге бөлүнүп калышын каалабаймын".

Бирок депутат Темир Сариев январь айында да ушундай кырдаал болоорун айтып, структураны тезирээк кабыл алууга чакырды. Аны көпчүлүк депутаттар колдоп, андан кийин добуш берүү башталды.Рейтингдик добуш берүүдө Текебаев сунуштаган долбоорго 35 депутат макул, 31 каршы болду. «Мекен» тобу сунуштаган долбоорго макул 31, каршы 35 депутат добуш берди.

Биринчи турдагы добуш берүүнүн натыйжасына ылайык экинчи турга Текебаевдин долбоору коюлуш керек эле. Бирок «Мекен» депутаттык тобу баш болгон бир нече депутаттык топ кеңешүүгө убакыт сурап, анын соңунда долбоор боюнча добуш берүүнү бейшемби күнгө калтырууну, ага чейин фракциялар ортосунда кеңешүүлөрдү жүргүзүүнү сунуштады.

Экинчи тарап ага каршы чыкты. Кайым айтышуулар башталып, «Мекен» депутаттык тобу баш болгон депутаттык топтор залдан чыгып кете баштады. Натыйжада кворум жок болуп, добуш берүү бейшемби күнгө калтырылды. Эми шаршемби күнү депутаттык фракциялар төрага Марат Султановдун жана анын орун басарларынын катышуусу менен кеңешүүлөрдү жүргүзмөкчү.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

 

XS
SM
MD
LG