Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2022 шейшемби, Бишкек убактысы 20:03

САЯСИЙ МҮДӨӨНҮН САДАГАСЫНА ЧАБЫЛГАН ТЕЛЕРАДИОЖЫШТЫК


Телерадио жыштыктарын бөлүштүрүүнүн эреже-талаптары Кыргызстанда бир жарым жылдан бери так чечилбей келатат. Анын бир себеби мыйзамдык негизге барып такалса, экинчи жагы сөз эркиндиги, маалымдоо каражаттарына ээлик кылууга байланыштуу.

Акыйкатта да бир жарым жылдан бери өз алдынча радиотелеберүүлөр лицензия мөөнөтүн узартуу абыгерчилигин тартып, аукцион аркылуу радиожыштык алуу кыйын ишке айланып турган чак. Ошондой шартта парламенттин радиоуктурууларынын эфирге эч тоскоолсуз чыгып жатышы, «Megacom» компаниясына жол ачылыып берилиши маселенин уңгусу барып-келип бийликтин ыкралына жараша чечилерин айгинелеп отурат. Тележурналист Александр Кулинский азырынча ачык аукциондо өтө элек дейт.

- Революциядан кийин арыздардын саны менин билишимче, эки эсеге жакын өстү. Так эмес маалыматка караганда, революцияга чейин кыркка жакын арыз болсо, азыр алтымыштан ашыптыр. Радиожыштык алууну каалаган радиокомпаниялардын саны кыйла өстү. Проблеманын эмдигиче чечилбей жатышынын себеби – ачык-айкын, жетиштүү, баарына тең мамиле кылчу усулдуктун жоктугунда болууда.

А.Кулинский жыштыктарды бөлүштүрүүнүн мыйзамдык негизи так иштелип чыккан эмес деп эсептейт. Парламент депутаты К.Иманалиевдин жыштыктарды бөлүштүрүү тууралуу мыйзам долбоору өкмөттөн колдоо таппай, маселе ушу кезге чейин оңуна чечилбей турат. Антип талылуу маселенин мыйзамдык негизге такалып калышынын себеп-жөнүн Кыргызстан телерадиочулар ассоциациясынын мүчөсү Эрнис Мамырканов коммерциялык байланыш, тактап айтканда, каржылык маселеге байланыштуу түшүндүрөт:

- Телерадио берүүлөрдүн жыштыктары уюлдук байланыш менен Интернет провайдерлеринин ортосундагы кутумчулуктун курмандыгы болду. Проблема 2000-жылы эле Кыргызстанга бир нече уюлдук байланыш операторлору кирүү ниетин билдире баштаган кезде чыккан. Алардын жолун бөгөш үчүн расмий тоскоолдук ойлонуп чыгарылган.

Ошентип өкмөт почта жана электр байланыштары жөнүндөгү мыйзам тартибинде иштей турган коммерциялык долбоорлордун - уюлдук байланыш, интернет провайдерлеринин катарына телерадиокомпанияларын да кошуп, баарын кымбатка сатууга ниеттенип жатышынын артында дагыле чоң саясий максат-мүдөө жатат.

Оштогу Медиаборбордун жетекчиси Алмаз Исмановдун ырасташынча, телерадио коомдук турмушта таасирдүү курал катары чыгууда.

- Саясий тиреш, кагылышта негизги курал болуп атат да. Айрыкча шайлоо, саясий турмуш курчуп аткан чакта лицензия таптакыр берилбейт. Жада калса жаштар радиосун ачып атсаң да муну бекеринен ачкан жоксуң деп турушат,- дейт А.Исманов.

Адистердин айтуусунда, маселенин кыйладан бери чечилбей келатышынын артында өкмөттүн кандай кызыкчылыгы катылып жатканын так айтыш кыйын. Бирок да Орусия менен Казакстандагы электрондук маалымат каражаттарын бекем көзөмөлгө алуу тенденциясы Кыргызстанга да жайылбайт деп эч ким айта албайт. Борбор Азия Медиакеңешинин башкы менеджери Элмира Токтогулованын айтуусунда, андай коркунуч Кыргызстанды деле башбактап турат.
XS
SM
MD
LG