Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:47

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР ЭЛ ҮМҮТҮН АКТАЙ АЛАБЫ?


5-декабрда Жалалабатта саясий партиялардын коомдогу орду менен аларды өнүктүрүүнүн жол-жоболорун талкуулаган жыйын өттү.Анда айтылгандай, партияларды өнүктүрүүгө тоскоолдук болбогону менен коомчулукта саясий маданияттуулук жетишпейт. Таанымал партиялар бийликке жетүүнүн амалын көздөп, 1-2-адамдын, же бир аймактын кызыкчылыгын жактайт. Коомчулукта партияларга ишеним аз.

Жыйында белгиленгендей, эмки шайлоонун партиялык тизме менен өткөрүлүүсү саясий уюмдарга оңтойлуу шарт түзөт. «Либералдык-прогрессивдик жаштар партиясынын» облустагы төрайымы Айчүрөк Сеитованын айтымында эл шайлоо маалында өнүккөн партияларга ишениши ыктымал:"Парламент башкаруусу бизге өбөлгө түзүп берсе ошондо гана алдыга жүрө алабыз. Эгер алар бизге өбөлгө түзүп бербей бут тоссо бизге кыйын болот".

Жаш саясатчы Майрамбек Адылбековдун пикиринде «Реформа үчүн» кыймылынын аракети менен баш мыйзам кабыл алынды. Бирок, саны бар, сапаты жок партиялар коомчулукта өз кадырын кетирүүдө. Саясий маданияттуулук менен маалыматтын жетишсиздиги партияларга бут тосууда:

"Эмне үчүн колдобойт. Бизде 89 саясий партия бар. Ар бири он миңден, жыйырма миңден мүчөбүз бар деп ооз көптүрө сүйлөшөт. Бирок ошол эле адамдар беш, алты партияга мүчө. Анткени биздин калкыбыздын аң-сезиминде саясий партия деген эмне, кандай максатта жумуш аткарат так билишпейт,"- деген оюн айтат Майрамбек Адылбеков.

«Либералдык партиянын» мүчөсү Мухаммед Алибаев саясий уюмдардын атаандаштык менен өз алдынча өнүгүүсүн жактайт:"Өзүн-өзү каржылап, ишин алдыга жүргүзүш керек. Саясий партиялардын ортосунда атаандштык болуш керек".

Бийлик же жеке кызыкчылык үчүн партиялар да аз эмес. «Элмурас» партиясынын облустагы төрайымы Канышай Мусалиеванын оюнда өлкөнүн өнүгүүсүнө кызыккан партиялар гана эл үмүтүн актай алат:"Бүгүнкү күндө элдин экономикасын көтөрө турган чоң күч болуш керек. Элди өзүн тартып, колдон келсе президентке, парламентке бүт бардык жакшы идея пландары менен жардам бериш керек. Элди бөлбөш керек. Бүгүнкү күндө “өзүмдү өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем” деген партиялардын мүчөлөрү жана лидерлери пайда болуп кетти".

Жалалабат шаар тургуну Абдилазиз Сатаров партиялардын жаштар үчүн кам көргөнүн байкай элек. Жумушсуздуктун айынан жогорку маалыматтуу жаштар ырыскысын башка жактан издеп жатат.

"Келечекте карапайым элге, калкка, Кыргызстан үчүн кандай иштерди жасап жатат, кандай иштерди жасап келди. Партияларга ишениш жок болуп калды. Партияда иштегендер отуруп алышып макташат. Биздин партия келечекте мындай кылат деп. Ушуга чейин чыныгы бир партияны көрбөдүк жакшы иштеген. Жумуш орду болот дейт. Жаштар окууну бүтуп, Орусияга барып ал жаштар жүк ташып жүрүшөт. Бир эмес үч дипломдору барлар да бар. Кайсы гана мекемеге барбагын акчаң болсо, шапкең болсо жумуш болот."

Эмки шайлоодо партиялардын каржылык чабалсыздыгынан кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрү пайдаланышы да мумкун. «Сабырдуулук» корунун өкүлү Асылбек Бектемировду маселенин ушул өңүтү чоочутат.

"Тилекке каршы кээ бир саясий партиялар кандайдыр бир кишилердин же региондун кызыкчылыгын көздөгөн партияларга айланды. Криманалдык топтордогу кишилер. Мен ушул партияга ушунча акча жумшаймын дагы ушул партияны шайлоо компаниясына алып чыгышым керек деген маселе менен чыгып калса кантебиз. Мени кооптондурганы ошол. Эртең эле партиянын тизмеси беш, алты криминалдык элементтер Жогорку Кеңеште отурса кентебиз",- дейт Асылбек Бектемиров.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG