Азимбек Бекназаровдун пикиринде, кошуна мамлекеттердин атуулдарына кош атуулдук укугу таркабашы керек. Алардын атуулдары Кыргызстанга эсепсиз толуп кетиши мүмкүн. Ошондой эле Конституциялык түзүлүштүн негиздерине, мамлекеттик коопсуздукка коркунуч туудургандарга, жасалма документ жасагандарга да кош жарандуулук берилбеши кажет. Мындан сырткары, долбоордо Кыргызстандын президентине, Жогорку Кеңештин төрагасына жана депутаттарга, укук коргоо органдарында, Коргоо министрлигинде, аткаруу бийлигинде жооптуу кызматта иштегендерге да кош атуулдук берилбестиги көрсөтүлгөн.
Кош атуулдук боюнча башка бир мыйзам долбоорунун автору Кубанычбек Исабеков болсо Бекназаров түзгөн мыйзам долбору менен өзүнүн долбоорун кошуп, кем-карчын оңдоп, парламенттик талкууга алып чыгууга макул экендигин билдирди. Бирок Исабеков кошуна өлкөлөрдүн жарандарына кош атуулдук алуу укугу таркабасын деген сунушка каршы.
Соңку жылдары 38 миң кыргызстандык Орусия жарандыгын алышканы айтылып келатат. Эми кош атуулдук боюнча мыйзам кабыл алынса, алар мекенине кайра кайтып келүүгө мүмкүнчүлүк алышат, ошондой эле коңшу өлкөлөрдө иштеп жүрүшкөн мекендештер кош атуулдук алышса кыйла жеңилдиктер болот.
БУУнун Качкындар боюнча комиссарлыгынын Кыргызстандагы өкүлү Карлос Заканини Тажикстандан качып келишкен кыргыздарга бир нече жылдан бери атуулдук берүүдө проблемалар болуп жатканын белгилей кетти. Заканини бүгүн талкууланган кош атуулдук боюнча мыйзам долбоорун, атуулдугу жоктордун көйгөлөрүн чече турган алдыга жылуучу олуттуу кадам катары эсептейт.
Ал эми миграция жана калкты жумуш менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Айгүл Рыскулованын пикиринде башка мамлекеттер менен кош атуулдук келишимине келүү үчүн көп убакыт талап кылынат.
- Кош атуулдук боюнча Орусия менен келишимге кол коюшу үчүн абдан көп убакыт өтөт. Анткени Орусия, Казакстан же башка мамлекеттер бүгүн эле Кыргызстанда жаңы Конституция кабыл алыптыр деп эле келишимге кол коюп жибербейт. Ал үчүн абдан көп сүйлөшүүлөрдү жүргүзүш керек, - деди Айгүл Рыскулова.
Өткөн ай соңунда миграция маселеси боюнча Кыргызстанга келип кеткен Орусия Федерация Кеңешинин КМШ боюнча комитетинин төрагасы Вадим Густовдун көз карашында, бул маселени ишке ашыруу үчүн президенттер, өкмөт башчылары, мыйзам чыгаруу палаталары үзүрлүү аракеттениши керек.