Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:01

МУНАЙ СОГУШ КУРАЛЫ БОЛУП КАЛЫШЫ МҮМКҮН


Баян Жумакадыр кызы, Прага Ноябрдын соңунда америкалык сенатор Ричард Лугар НАТОго кайрылып, уюмга мүчө өлкөлөрдүн бирөө эле энергетикалык бойкотко туш болгон учурду жалпы альянска каршы жасалган зордукчул аракет катары баалап, ага коллективдүү жооп кайтарууну талап кылды. Сенатор ошондой эле НАТОнун хартиясын буга шайкеш келтирүү керек экенине басым жасады.

"Биз өлкөлөр ортосунда кадыресе согуш жүрөөрүнө көнгөнбүз, бирок андай согушту ок атуучу куралсыз жүргүзсө болот, мында энергия курал болуп калат. Энергия аскердик күчкө караганда коопсуз курал болуп көрүнүшү мүмкүн, бирок Европа өлкөлөрүнүн газ куурун кыштын күнү жаап салуу аскердик кол салууга тете экономикалык жоготууларга, ал тургай өлүмгө алып келиши мүмкүн",- деп билдирди Ричард Лугар НАТОнун Ригада өткөн саммитине жолдогон кайрылуусунда.

Ал өткөн январда Россия Украинанын газ куурун жаап салганын мисал келтирип, анда украин армиясы менен экономикасын ок атуусуз эле жыгып салуу мүмкүн болгондугун белгиледи.

Украинанын газ куурун жаап салуу менен Россия ага соорусун салып, Батышка жүз буруп кеткен өлкөлөрдү субсидиялоого ниети жок экенин көрсөттү. Ошону менен бирге эле Москва Грузия менен Украинадагыдай революцияларды колдоону токтотууну талап кылып, Батышка сес көрсөттү.
Азаттыктын серепчиси Роман Купчинский энергетикалык бойкотту курал катары пайдалануу тарыхта мурда эле колдонулуп жүргөн тактика экенин белгилейт. Мисалы, 1941-жылы АКШ Япониянын Америкадагы банк эсептерин токтотуп салган. Натыйжада мунай импорту үчүн ошол эсептер аркылуу эсептешип турган Япония мунайсыз калып, үч күндөн кийин Индонезиядагы Роял Шелл мунай кенине кол салган.

1973- жылы ОПЕК өлкөлөрү АКШга каршы мунай бойкотун жарыялап, АКШнын айласын кетирген. Буга АКШнын Израилге 2 миллиард доллардан ашык суммага жардам берип, анын Мисир менен Сирияга каршы жүргүзгөн согушуна көмөк кылганы түрткү болгон. Бойкоттон ири экономикалык зыян келгенине карабастан, АКШ муну эч качан өзүнө каршы жүргүзүлгөн согуш деп эсептеген эмес. АКШнын ошол кездеги тышкы иштер министри Генри Киссинджер мунай бойкотун "Саясий шантаж" деп атап, мунайсыз калууну "суусундуксуз калуу" менен салыштырган.

Бул жерден эгерде Украина НАТОнун мүчөсү болгондо НАТО эмне менен жооп берер эле? Альянс бул өлкөнү экономикалык жоготуулардан сактап кала алат беле? Россия менен Түркмөн газын альянс кайсы өлкөлөрдүн энергиясы менен алмаштыраар эле?- деген собол пайда болот? Азаттыктын серепчиси Роман Купчинский жакынкы келечекте Батыштын саясий стратегдери мына ушундай суроолорго жооп издешерин божомолдойт.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG