Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:44

БАТКЕН: СОХ ТОЗОГУН АЙЛАНЫП ӨТӨ ТУРГАН ЖОЛ САЛЫНАТ


Баткенде көпчүлүктүн көңүлүнө тийген Сох анклавын айланып өтүүчү жолдун 30 чакырымдык Баткен-Актурпак бөлүгүн баткендиктер "ашар" жолу менен жергиликтүү каражатка бүткөрүүнү чечишти.

Ашар жолу менен курула баштаган Баткен-Актурпак жол бөлүгү, Ош-Исфана автожолунун 30 чакырымын түзөт. Алдын ала эсептөөлөрдүн негизинде курулуш долбооруна 1 млн. 700 миң сом акча керектелмекчи. Аны бүткөрүү мөөнөтү апрель айына пландаштырылууда. Облустук акимчиликтин өнөр жай, курулуш жана коммуникация боюнча бөлүмүнүн башчысы Арстан Ходжаевдин айтымында, Сох анклавын айланып өтүүчү жолдун калган бөлүктөрүнүн абалы бир аз жакшы жана жакын арада Пүлгөн-Бүргөндү автожолунун курулушуна инвесторлор тарабынан каражат бөлүнөт.

Баткен облус губернатору Султан Айжигитов өз сөзүндө чет жакадан инвесторлордон жардам күтпөй эле, акырындап жолдорду оңдой берген оң экенин айтып, Баткен-Актурпак бөлүгүнүн жол курулушу үчүн облустун казынасында 1 млн. сом акча даяр экенин билдирди.

Ошондой эле облустагы район-шаарлар 50 миң сомдон, ал эми мекеме-ишканалардын жетекчилери 1000 сомдон, мындан тышкары бюджеттик мекемелерде иштешкен кызматкерлер бир күндүк эмгек маянасын атайын ачылган эсепке которушмай болушту. Депутаттар тарабынан азырынча колдоо боло элек.

Баткен -Ош автожолунун Сох анклавын айланып өтүүчү бөлүгү 100 чакырымга жакын. Анын 30 чакырымдык Баткен-Актурпак бөлүгү ашар жолу менен жергиликтүү каражатка шагыл жаткызуу менен чектелет. Ал эми 50 чакырымдык Актурпак-Пүлгөн бөлүгүнө болсо тышкы инвестициядан тартыла турган 20 млн. АКШ доллары жумшалмакчы.

XS
SM
MD
LG