Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:51

МАХАМБЕТ АБЖАН КАЙ ЖАЗЫГЫ ҮЧҮН ЖАЗАЛАНЫП ЖАТАТ?


Элеонора Бейшенбек кызы Бишкекте 6-декабрда казакстандык жаш оппозиционер Махамбет Абжанды бошоттууну талап кылган пикет болду. Пикетчилер Махамбет Абжанды казак президентинин саясий кызыкчылыгынын жеми болуп калды деп белгилешти. Пикет казак элчилигинин имаратынын алдында өттү. Казак президентинин саясатына каршы чыккан жаш саясатчыны былтыр декабрь айында Бишкектен кармап кетишкен. Ага мамлекет мүлкүнө зыян келтирген деген айып тагылып, сот чечими чыгар алдында турат.



"Казакстан патриот жаштары" бирикмесинин лидери Азамат Жетписбаевдин билдиргенине караганда сот өкүмүнө ылайык Махамбет Абжан үй-мүлкүнөн ажыратылып жети жылга кесилиши мүмкүн. Азамат Жетписбаев бул жалган жалаа экенин айтып, кармалып отурган себебин саясаттан көрөт.

- Абжан Махабет көп жылдан бери саясат менен алышып жүргөн бала. Көп жылдар бою демакратиялык маселелерди көтөрүп жүргөн жигит. Ал жеке өзүнүн саясий көз карашы үчүн азыр туткунда турат. Бир сөз менен айтканда ал баланы казак бийлиги анын саясий жумушу боюнча жоопко тартайын деп жатат.

Казакстандын Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмуна төрагалык кылуу ниети бар. Бирок, азыр Казакстанда демократиянын абалы начар. Ушундай улам Нурсултан Назарбаев максатына жеткиси келсе азыркы авторитардык бийликтен баш тартып демократиялык реформаларды токтоосуз жүргүзүүсү керек, дейт Азамат Жетписбаев.

- Ушул уюмга Казакстан 2009-жылы төрага болом деген дымагы бар. Бирок төрага болуш үчүн Казакстан демократиялык маселелерди өзүнун ордуна келтирүүсү керек. Эл аралык стандарттарга ылайык көптөгөн реформаларды жүргүзүүсү керек. Азыр кыйындап турган саясий жагдайды, саясий туткундарды бошотуусу керек. Оппозициялык партияларды каттоосу керек. Азыркы кезде “Алга” ДВК деген партияны ар түрдүү негизделбеген себептер менен каттабай жатыр.

Кыргызстандык жаш саясатчы Алишер Мамасалиев Махамбет Абжан саясий кызыкчылыктын жеми болду деген пикирге кошулат. Өз оюн азыркы бийлик тууралуу ачык айткан 23 жаштагы казак жаштарынын лидери Махамбет бийликке чоң кооптонуу туудура баштаган.

- Биз кыргыз жаштар уюму чогулуп, Назарбаевге чоң кат жазганбыз. Бул чоң саясаттын курмандыгы болду. Махамбет казак жаштарынын көрүнүктүү лидери. Мен аны жакшы эле билем. Биз чогуу отуруп долбоор түзгөнбүз. Ал саясий жактан абдан жакшы сугарылган бала. Ал келечекте чоң лидер болот. Бирок азырынча казакстандагы саясий системаны диктатура деп эсептесе болот,-деди Алишер Мамасалиев.

Сүрөттө: Бишкектеги пикет акцияны уюштурган “Казакстан патриот жаштары” бирикмесинин лидери Азамат Жетписбаев.

XS
SM
MD
LG