Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:29

ЖАҢЫ КОНСТИТУЦИЯ ЭКИ ТИЛДЕ ЖАРЫЯЛАНДЫ


6-декабрда мамлекеттик «Эркин тоо» гезитинде» конституциянын жаңы редакциясы кыргыз жана орус тилдеринде жарыяланды. 9-ноябрда кол коюлган Конституциянын расмий түрдө жарыяланышынын кечеңдеши бир катар күдүктөнүүлөрдү, ой жоорууларды пайда кылып келген.

2005-жылдагы март ыңкылабынан кийин башталган конституциялык реформа ноябрь айындагы оппозициянын митинги менен тездеп, 8-ноябрда Жогорку Кеңеште конституциянын жаңы редакциясы кабыл алынып, 9-ноябрда президент кол койгон. Бул долбоорду тараптар компромисттик деп аташкан. Анткени, 8-ноябрда Жогорку Кеңеш аны кабыл алганга чейин бир тараптан президент экинчи тараптан «Реформа үчүн» кыймыл, Жогорку Кеңештин ортосунда ыйгарым-укуктар боюнча орток пикир табуу аракеттери жасалып, аягында компромисс табылган.

Кабыл алынган Конституциянын жаңы редакциясы Өмүрбек Текебаев башында турган конституциялык кеңешме өткөн жылы даярдаган долбоор. Ал орус тилинде жазылып, соңунда орус тилинде кабыл алынды. Долбоорду орус тилинен кыргыз тилине которуу иштери жүрүп, кыргыз тилиндеги вариантка президент өткөн жуманын экинчи жарымында кол койгон. Мына ушуга байланыштуу анын расмий түрдө жарыяланашы кечеңдеп, коомчулукта ар кандай күдүк ойлор пайда боло баштаган.

Эми Конституция жарыялангандан кийин өлкөдөгү мыйзамдар алты айдын ичинде ага ылайыкташтырылыш керек. Жогорку Кеңештин депутаты Азимбек Бекназаров Конституциянын жаңы редакциясынын кыргызча, орусча вариантында айрым дал келбестиктерге жол берилген дейт.

Конституциядагы жалпы кемчиликтерди жоюу үчүн Венеция комиссиясынын эксперттерине кайрылууну, же көз карандысыз эксперттик комиссия түзүүнү президент 4-декабрда парламенттеги сөзүндө билдирген.

Кемчиликтер тууралуу депутат Азимбек Бекназаров буларды белгиледи: "Аткаруу бийлигине тийиштүү бөлүмдө бар. Анда да стилистикалык, техникалык жана редакциялык каталар бар. Анан президенттин ыйгарым-укугундагы сөздөр кайра сот адилеттиги боюнча бөлүмгө келгенде түшүп калган жерлер бар. Бирок мааниси жана мазмуну боюнча беренелер бири-бирине карама-каршы келбейт".

Ал эми юстиция министри Марат Кайыпов жаңы Конституциядагы негизги кемчилик катары башка өлкөлөрдөгү кыргыз улутундагы адамдарга кыргыз жарандыгы берилбей калышын белгиледи:

"Негизги кемчилик кыргыздардын жарандык статусу боюнча маселеде бар. Анткени жер шарында жападан жалгыз Кыргызстан деген мамлекет бар.Ушул Кыргызстан деген мамлекеттин түзүүчүлөрү, негизги түптөгөн эл-бул кыргыз эли. Демек, кайсы бир убакта Кыргызстандан саясий, же башка бир себептер менен кетип калган кыргыздар башка мамлекеттин жараны болсо да, капыстан алардын башына иш түшсө кыргыз мамлекети аларды кыргыз болгону үчүн коргоп калыш керек. Мына ушул маселе азыркы Конституцияда так чечилген эмес".

XS
SM
MD
LG