Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:35

ФРАНЦИЯДА ЖАҢЫ ТЕЛЕКОМПАНИЯ ИШТЕЙ БАШТАДЫ


Баян Жумакадыр кызы, Прага шаары 6-декабрде Францияда өкмөт каржылаган жаңы телеканал өз ишин баштоодо. Материалдарын алгач интернет аркылуу, андан соң телевидение аркылуу бере турган компаниянын максаты эл аралык окуяларды Франциянын перспективасынан чагылдыруу.

6- декабрде өз программалырн интернет аркылуу, ал эми 7-декабардан тарта телепрограммаларын баштай турган компания 24 саат бою үзгүлтүксүз ободо болуп, дүйнө окуяларын чагылдырат. Франция-24 телекомпаниясы азырынча француз жана англис тилдеринде, келерки жылдын орто ченинен тарта араб тилинде, ал эми 2009- жылдан баштап испан тилинде көрсөтө баштайт.

Француз өкмөтү француз тилинин чын ыклас коргоочусу болуп эсептелет. Жаңы компаниянын бир нече тилде иштөөсү телеканал мүмкүн болушунча көбүрөөк көрөрманды камтуу максатын көздөп жатканы менен түшүндүрүлөт. Маалыматтар боюнча, Франция 24- телеканалынын берүүлөрү Европага, Жакынкы Чыгышка жана Африкага спутник аркылуу таратылып, 90 өлкөнү, жэ 75 миллион түтүн үйдү камтыйт. Француз жана англис тилдериндеги көрсөтүүлөрдө ар бир жарым саат сайын 10 мүнөттүк жаңылыктар берилип, алардын аралыгында саясий, маданий жана күнүмдүк турмушу чагылдырылган материалдар көрсөтүлөт. Жакынкы жылдарда телекомпания өз берүүлөрүн Түндүк Америкага жана Азияга таратууну пландаштырууда.

Мындай телеканалды ачуу идеясы Францияда ончакты жыл бою талкууланды, бирок чечкиндүү колдоого бул ой 2003- жылы Ирак согушу башталаарда ээ болду. Анда президент Жак Ширак АКШнын Иракка согуш ачуусуна кедерги болууга аракеттенген, бирок Америка менен Британиянын маалымат каражаттары муну мыскылдоо менен чагылдырышкан.

Президент Жак Ширак жаңы ачылып аткан телеканал өлкөнүн бейнеси үчүн күрөштүн алдыңкы катарында болот деп үмүт кылууда.

Дүйнө жүзү боюнча Франция 24 телеканалынын форматында иштеген он чакты компания бар. 1980-жылы америкалык Бизнесмен Тед Төрнер Cable News Network, же кыскача СNN телекомпаниясын негиздеп, ийгиликтүү иштей баштаган.

1953- жылы Германиянын өкмөтү Deutsche Welle деген радиокомпанияны негиздеп, 1992- жылы ал компания телекөрсөтүүлөрүн обого чыгарды. Азыр бул компания берүүлөрүн 30 тилде чыгарат.

1991-жылы Британиянын өкмөтү British Broadcasting Corporation компаниясын түзүп, обого чыгарган. BBC берүүлөрүн 270 миллион түтүн үй көрүшөт. 24 саат бою иштеген телекомпаниялардын тизмесине ошондой эле Катардагы al -Jazeera телекомпаниясын, Франциянын Лион шаарында жайгашкан Euronews телекомпаниясын жана Sky News, MS NBC, Al-Arabia, Russia Today компанияларын кошууга болот. 2005- жылдын декабрь айында Москвада ачылган Russia Today телекомпаниясы берүүлөрүн англис тилинде 24 саат бою таратат, анын берүүлөрүн, Москванын айтымында, спутник менен 100 өлкөдө көрүшөт.
XS
SM
MD
LG