Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:12

ОРУСИЯНЫН УЛУТЧУЛ ЖАШТАРЫ 2006-ЖЫЛЫ БАШКА УЛУТТАГЫ 46 КИШИНИ ӨЛТҮРҮП КЕТИШТИ


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Орусияда улутчул жаштардын өңү славянга окшобогондорду жериген аракеттери күчөп атканы дайын болууда. ИТАР-ТАСС жазганга караганда, маселен, 4-декабрде Москвада өзүбекстандык атуул бычакталып ооруканага түшкөн. 1-декабрде Ярославл шаарынын вокзалында борборафрикалык атуулга жергиликтүү 19 жашар скинхеддин кол салган.Кечээ Санкт-Петербургда Mad Crowd аталышта топ уюштуруп, 2002-жылдан бери өңү бурууларга кол салуу уюштурган экстремисттик топтун жетекчиси Руслан Мельникти сот 3,5 жылга кести.Анализчилер болжолунда орусиялык улутчул жаштардын кыймылы жакын арада басылбайт.

Алдыңкы жылы Орусия 4-ноябрде «Элдик биригүү күнү» жаңы майрамы деп жарыялаганда Маскөөдө улутчул жаштар ошол күнү «Орус маршын» өткөргөн. Үстүдө жылы алар кайталамак болгондо бийлик ага тыюу салган. Ошого да карабай ултучул-патриоттор 12 шаарда өз жүрүшүн өткөрө алганы маалым. Алардан сырткары 4 калаада милиция алардын жүрүшүн кууп таркаткан.

Мына ушул мисалдан көрүнүп тургандай улутчул жаштардын кыймылы өлкөдө кулачын жайып кеңейип барат. Алар менен күрөшүүдө укук сактоо кызматкерлери чабалдык кылып атканын анализчилер айтышат.

Жаңы эле Санкт-Петербургга ал калаадагы скинхеддердин киши өлтүрүү фактылары акталып кетип атышын иликтөөгө алганы барып келген «Новая газета» басылмасынын анализчиси Леонид Никитинский дегинкиси милициянын ишкердиги натыйжалуу болбой атканын айтат:

«Баарынын бети ачылды деп айтышкан, көрсө алар (милиция кызматкерлери – ММ) кылмышкер эмес эле колуна тийген боз уландарды кармап келишкени айкын болду. Эски сот тутуму болгондо аларды бөйдө жерден кесип салышмак», - деп присяжныйлардын чечими абдан туура болгонун белгиледи.

Ошол эле учурда бийлик өкүлдөрү улутчулдар дарегин даана билген учурлар да аз эмес. Петербургда шейшемби күнү жыйынтыкталган сот олтурумунда экстремисттик топтун башчысы Мельникти үч жарым жылга кескен. Сот Людмила Клыкованын айтымында «кылмышкер Мельник, 2002-жылдан бери ал уюштурган топ менен кошо беш жолу түсү бөлөктөргө кол салууга өзү катышкан». Ошого карабай милиция кызматкерлери аны кармай албай келишкен.

Шаршембиде Башкортостанда да андай сот болгонун «Азаттыктын» кабарчысы Дмитрий Толмачев билдирди:

«Уфанын Орджоникидзе райондук соту экстремисттик топтун 24 жаштагы жетекчиси менен анын 18 жаштардагы үч колдоочуларын бир жарым жылдан үч жылга чейинки ар кыл мөөнөткө шарттуу түрдө кести», - деди ал.

Орусияда улутчул маанайдын курчушу кыргыз эмгек мигранттарына да залакасын тийгизип атат. Андай көрүнүштүн кийинкилеринин бири 19-ноябрде Маскөө алдында электричкада баратканда Кубанычбек Солтоноевго кол салууну айтса болот.

Акырында «Сова» анализдик борборунун маалыматына караганыбызда, бир эле ноябрь айында Орусияда 12 жолу улутчул жаштар тобунун өңү славянга окшобогондорго кол салуусу болгон. Жыйынтыгында экөө өлүп калганы жарадар болушкан. Жабыр тарткандар арасында: азербайжан, армян, кыргыз, кытай, чечен, тажик, өзүбек ошондой эле шри-ланкалык жана боливиялык атуулдар бар.

XS
SM
MD
LG