- Жогорку Кеңештин структурасы боюнча эки депутаттык топ өз долбоорун сунуш кылды. «Мекен» тобу 17 комиссияны түзүүнү сунуш кылып жатат. Учурдагыдан эки эсе көп комитет түзүүнүн канчалык зарылчылыгы бар?
- Бүгүнкү күндө көп тармактар жакшы иштебей жатат. Төрага болгон депутатта мүмкүнчүлүк чоң болуп, ал эми ага мүчө болгондор негизинен көп жумуш аткара албайт. Мисалы, паспорт боюнча Кыргызстанда кандай кризис болуп жатат. 25-февралга чейин көп атуулдарбыз чет мамлекетке чыга албайт. Паспорт берилбей. Буга күнөөлүү киши жок. Убагында биз текшере албадык. Андан башка дагы көп тармактар бар. Энергетика жагы дагы текшерүүгө жакшы алынбай жатат.
-Депутаттар сессияга активдүү катышпай жатат деген да пикирлер айтылган. Комитеттердин санын көбөйтүү менен балким депутаттарды ишке тартуу жолу каралып жаткандыр. Сиз кандай ойдосуз?
-Иштей турган депутаттар ансыз деле активдүү иштешет. Анча мынча депутаттардын кошумча иштери болсо ал кишилердин башка жумуштары болушу мүмкүн. Мен аны толук биле албайм.
-Жогорку Кеңештин структурасы боюнча бүгүн парламентте добуш берүүнүн экинчи айлампасы болот. Депутаттар компромисттик чечимге келе алат деп ойлойсузбу?
-Мен бул жерде ачыгын айтайын. Компромисске келбегендер булар комитеттерге төрага болом дегендер. Калган депутаттардын 70 пайызынын ою бирдей эле. Баары ынтымакта. Комитетке төрага болом дегендер эки тарапка бөлүнүп жатышат. Мен ойлойм компромисске келет го деп.
-Кечээ парламентте кош жарандык маселеси боюнча парламенттик угуу болду. Талкууланган эки долбоор боюнча сиздин кандай пикириңиз бар?
-Азимбек Бекназаров сунуш кылгандай, биздин коңшулаш мамлекеттер менен биз чакан өлкө болгондон кийин так иш жүргүзсөк жакшы болмок. Анын үстүнө Орусия мамлекети менен кош жарандуулукту жүргүзсөк жакшы болоор эле. Бирок тактык керек. Биздин жерибиз да, байлыгыбыз да, элибиз да чакан башкаларга караганда. Алардын өсүшү дагы бизге караганда, бир кыйла жакшы темп менен өсүп жатышат.
-Ал эми Кубанычбек Исабеков сунуштаган долбоор боюнча кандай ойдосуз?
-Ал сунушту жакшылап караш керек. Эгер андан дагы жаңылып, туура эмес иштесек мамлекетибиздин келечегинин көп жерине балта чаап же болбосо тоскоол кылып алышыбыз мүмкүн. Андыктан бул өтө жоопкерчиликтүү убак. Аны жакшылап карап, эл менен чогуу чечип кабыл алышыбыз керек.
- Жогорку Кеңеште бүгүн өлкөнүн келерки жылкы бюджети каралат. Ал долбоордо кайсы тармактарга каржылоо көбүрөөк каралат?
-Биз долбоордун канча тепкич менен каржылоосун тактай албай жатабыз. Көп депутаттар эки тепкич менен гана каржылоону кылсак деп жатышат. Себеби берилген акчалар облустун, райондун деңгээлинде көбү жок болуп кетип жатат. Коррупциянын биринчи чети ушул жерде болуп жатат. Айыл өкмөттөргө эч нерсе жетпейт. Биз көпчүлүк депутаттар айыл өкмөткө өзүнүн бюджетин берсек, айыл кеңеши текшерүү кылса жакшы болмок. Элге бир кыйла эффективдүү жардам болмок. Төрт тепкичтен эки тепкичке өтмөйүнчө мен бул долбоорду колдобойм.
-Ноябрь айынын башында сиз парламентте Арсланбаптагы жаңгак мафиясы боюнча маселени козгодуңуз эле. Азыркы учурда бул маселе боюнча тергөө иштери жүрүп жатабы?
-Жаңгактын кыйылышы азыр да күч алууда. Бүгүнкү куңдө эч кандай чечим чыккан жок. Жаңгакты кыйган азаматтар дагы деле кыйып, сатып жатышат. Эл буга абдан нааразы.