Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:07

17:00 «Реформа үчүн!» кыймылы бийликти куугунтуктоону токтотууга чакырды


Буга байланыштуу тараткан билдирүүдө кыймыл Конституциянын жаңы редакциясынын кабыл алынышы менен аяктаган ноябрь акцияларынан кийин бийлик саясий куугунтук жасап жатат деп айтылат. Буга тогуз пункттан турган далил келтирилген. Алардын катарында эки облус губернаторунун кызматтан алынышы, кыймылдын мүчөсү Өмүрбек Абдыракмановдун жубайына каршы негизсиз кылмыш козголушу, НТС телеканалынын башчысы Бактыгүл Жээнбаеванын үйүнүн тонолушу, «Атамекен» партиясынын мүчөсү Бакыт Калпетовдун камалышы, «дискетгейт» чатагынын күчөтүлүп жатышы өңдүү мисалдар бар. (BuS)

XS
SM
MD
LG