БУУнун өнүгүү программасынын колдоосунда Жогорку Кеңештин бюджет комитети уюштурган бул иш чарага парламент, өкмөт мүчөлөрү катышты. Негизги талаш эки баскычтуу жана төрт баскычтуу бюджет долбоорлорунун ортосунда жүрүүдө. Өкмөт дээрлик айылдык, райондук, облустук жана республикалык деңгээлдеги бюджетти колдоп жатат. 2007-жылкы бюджеттин киреше бөлүгү үчүн 23 миллиард сомго, чыгаша бөлүгү үчүн 29 миллиард сомго жакын каражат каралууда. Инфляция 5 пайызды, ички дүң продукция 5,5 пайзды түзөөрү болжолдонгон. (BuS)