Расми маалыматтарга караганда, жолугушууда Ооганстан менен Жакынкы Чыгыштагы абал, Иран менен Дарфур маселелери талкууланды, бирок сүйлөшүүнүн негизги темасы, албетте, Ирак жана АКШ Конгрессинин комиссиясы 6-декабрда жарыялаган доклад болду.
Докладда бардыгы болуп сексенге жакын сунуш айтылган, алардын негизгилери - 2007-жылы Ирактагы америкалык аскерлер акырындап өлкөдөн чыгарыла башташ керек жана экинчи сунуш - Ирак маселесин чечүүгө багытталган аракеттерге Иран менен Сирияны тартыш керек.
Буш менен Блэр докладдын мазмуну менен мурда эле алдын ала тааныштырылган жана Блэр ноябрдын башында - талкууга Сирия менен Иранды кошуш керек деп билдире баштаган жана, анын айтымында, Ирак жагдайы жалпы Жакынкы Чыгыш маселеси менен тыкыз байланышкан, ошондуктан Палестина менен Израил ортосундагы чатакты жөнгө салуу дагы жалпы маселени чечүүгө көмөктөшөт.
Анткен менен Блэр менен жолуккандан кийин президент Буш - Сирия менен Иранды тынчтык орнотуу жараянына тартаардан мурда алар андай нерсеге даяр болууга тийиш деп билдирди: "Кимдир бирөө Ирак маселесин талкуулоо үчүн сүйлөшүүгө келсе, алар өз жоопкерчилигин дагы түшүнүп келиш керек, алар террорчуларды каржылабаш керек, алар жаш демократиянын өнүгүшүнө көмөктөшүүгө тийиш, алар экономиканы көтөрүүгө жардамдашыш керек. Андай жоопкерчиликти өзүнө албаса, Сирия менен Иран мындай шарттарга макул болбосо, алар келебиз деп тынчсызданбай эле коюш керек", - деди Буш.
Доклад жарыяланар алдында Буш - анда айтылган сунуштарга көңүл бурам деп билдирген. Азыр дагы ал докладдын авторлоруна алкыш айтып, анда келтирилген айрым идеялар өтө орчундуу деп билдирүүдө, бирок анын авторлорунан башка эксперттер жана саясатчыларда башка орчундуу ойлор жок деген пикир дагы туура эмес дейт ал.
Президенттин айтымында, азыр Мамлекеттик катчылык, Коргоо министрлиги жана Улуттук коопсуздук боюнча кеңеш өз докладдарын даярдап жатат жана алар эки аптанын ичинде даяр болот. Ошондуктан Ирак саясатын өзгөртүү иштери ошол башка пикирлер айтылгандан кийин гана башталууга тийиш.
Премьер-министр Блэр билдиргенге караганда, аскерлерди Ирактан чыгаруу жөнүндө докладда ачык сунуш айтылганы менен, башка маселелер дагы маанилүү: "Докладда - бардык маселелерди таштап салып өлкөдөн чыгып кетүү керек деп айтылган жок да. Анда айтылган негизги ой - ийгиликке жетүү. Ошондуктан биз ушул маселе жөнүндө ойлонуш керекпиз", - дейт Блэр.
Ирактын сунни саясатчыларынын бири Айяд ал-Самаринин айтымында болсо, докладдагы сунуштар Ирактын эмес, АКШнын гана маселелерин чечүүгө багытталган.