Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:10

«ЖАҢЫ ЖЫЛДЫН АЛДЫНДА ПАРЛАМЕНТ ТАРКАП КЕТСЕ ЖАКШЫ БОЛОТ ЭЛЕ»


Мээрим Султангазы, Прага Махмуд Кашкари атындагы чыгыш университетинин проректору, саясат таануучу Айдарбек Көчкөнов менен кабарчыбыз Мээрим Султангазы кызы Конституциянын жаңы редакциясы боюнча маектешкен.

-Конституциянын жаңы редакциясы боюнча ар кыл сын пикирлер айлыпып жатат. Мисалы, Адилет министри жакында айтып кетти, жаңы Конституцияда жарандардын статусу так чечилбей калган. Сиздин оюңуз боюнча Баш мыйзамдын жаңы редакциясы жетишээрлик деңгээлде иштелип чыктыбы. Анткени аны иштеп чыгууга мыкты адистер тартылганы менен Баш мыйзамда көп карама-каршылыктар бар деп айтылат?


-Менин пикиримче, бул документ быйылкы жылдын саясий кризистин натыйжасында шашылыш түрдө кабыл алынып калды. Мындай болбош керек эле. Бирок кырдаал ушундай түзүлүп калды. Эми бул кырдаалдан чыгыштын жолун туура издеш керек. Себеби ал документ ишке киришип, биздин турмушка аралашып кетсе келечекте бир топ карама-каршылыктарды жаратып, парламент менен бийлик бутактарынын ортосунда саясий кырдаалды алып келиш мүмкүн. Андыктан шашылбастан бардык бийлик бутактары чогуу чечип, карама-каршылыктарды жоюш керек. Себеби бул өзгөрүп турган документ эмес. Ал документ бардык элге, журтка, дүйнөгө тарайт.

-Айрым саясатчылар жаңы Конституция кабыл алынгандан кийин азыркы бийлик отставкага кетип, жаңы өкмөттүн курамы түзүлүш керек деп айтылган. Анда кезексиз шайлоо болуп, президент дагы, парламент дагы кетиш керек го?

-Менин пикиримче биринчиден, Жогорку Кеңеш толугу менен жаңы Конституцияны тактап чыккандан кийин негизги мыйзамдарга фундаменталдуу өзгөртүүлөрдү киргизип, андан кийин Жогорку Кеңеш өкмөттүн жаңы структурасын балким убактылуу өкмөттүн структасын түзүп туруп анан тарап кетүү талапка ылайык болоор эле. Апрель, май айларында биз кайрадан Жогорку Кеңешти шайласак. Жаңы Конституция менен иштей баштасак талапка ылайык болот эле. Себеби эл мындан ары көп күтө албайт. Экономика, социалдык кырдаал өлкөдө абдан оор. Ал эми президент болсо ал өзүнүн Конституциялык мөөнөтүн аткарууга тийиш. Себеби жаңы Конституцияга ылайык бийлик функциялары парламентке, өкмөткө өткөрүлүп жаткандан кийин президент бул мамлекеттин символу катары шайланган мөөнөтүн аягына чейин өтөөсү керек.

-Жаңы Конституция кабыл алынды. Ал бери жагы дегенде он жыл эл үчүн иштеп бериш керек. Сиз айтып жатпайсызбы Жогорку Кеңеш өзгөрүүлөрдү киргизиш керек деп. Жаңы кабыл алынган Конституцияга улам-улам өзгөрүү киргизе берсек кандай болот?

-Жогорку Кеңеш өзгөртүү киргизиш керек деген жерим жок. Жаңы Конституциянын негизинде кабыл алынган негизги фундаменталдуу принциптер боюнча азыркы иштеп жаткан мыйзамдарга Жогорку Кеңеш өзгөртүү киргизиш керек. Андан кийин Жогорку Кеңеш тарап кетиш керек. Бир, эки айдын ичинде гана боло турган иш. Керек болсо муну жаңы жылга чейин бүтүрө турган иш. Жаңы жылдын астында Жогорку Кеңеш тарап, президент жаңы шайлоолордун мөөнөтүн дайындап койсо жакшы болот эле.

-Баш мыйзамдын 8-беренесинде мамлекеттик жана партиялык институттарды бириктирүүгө, мамлекет иштерин партиялык программаларга жана чечимдерге баш ийдирүүгө жол берилбейт деп айтылат. Бул карама-каршылыктуу эмеспи?

-Бул албетте карама-каршылык. Себеби биз жаңы принцип боюнча бараткандан кийин жеңип келген партия өкмөттү түзөт деп айткандан кийин партиянын өзүнүн программасы, идеологиясы өлкөнүн ишинин негизи болуп бериши керек. Эл ал партиянын программасын жактыргандан кийин коомдун өнүгүүсүнүн программалык жолу болуп калыш керек. Эгерде программасы болбойт, баш ийбейт десе анда кайрадан баш аламандыкка алып келип, мурунку кырдаалга кайра кептелип калышыбыз мүмкүн. Ошондуктан бул партиянын өзүнүн фундаменталдуу принциптери, көз карашы менен элге жагып, элдин колдоосуна татып, ээ болот. Эгерде партиянын принциптери жок болсо анын маңызы жок болуп калат.

XS
SM
MD
LG