Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:13

8-ДЕКАБРДАГЫ ТАРЫХЫЙ ОКУЯЛАР


1916-жылкы кыргыздардын көтөрүлүш кесепетин аныкташ үчүн Пржевальскийге келген полковник Колосовский, Жетисуу областтык аскер губернаторуна рапорт жолдогон. Кыргызстан жазуучулар кошуунунун биринчи жыйыны 1944-жылдын 8-декабрында ишин баштады.

1916-жылкы кыргыздардын көтөрүлүш кесепетин аныкташ үчүн Пржевальсиге келген полковник Колосовский, 1916-жылдын 8-декабрында Жетисуу областтык аскер губернаторуна рапорт жолдогон. Колониалдык бийлик көтөрүлүш айынан кыйраган орус кыштактарын калыбына келтириш үчүн бөлүнчү каражат көлөмүн тактаган.

Кыргыздардан тартылып алынган мал-мүлктү бөлүштүрүү жана аны пайдалануу маселеси чечилген. Мындан тышкары, полковник Колосовский аскер губернаторуна мындагы абалды сүрөттөгөн 37 барак көлөмүндөгү тиркеме жөнөткөн.

1924-жылдын 8-декабрында ВЦИКте Кара-кыргыз автономиялык областынын көчмөн калкын отурукташтыруу боюнча атайын комиссия уюшулган.

Кыргызстан жазуучулар кошуунунун биринчи жыйыны 1944-жылдын 8-декабрында ишин баштады. Кыргызстан ЛКСМ Борбордук комитетинин имаратында өткөрүлгөн жыйынга «Манас» эпосун орусчага которгон айтылуу акын Семен Липкин катышып, «Орусча ыр жазуунун негизине» арналган билдирүү жасады.

Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны 2003-жылдын бу күнү, ядролук куралды жайылтпоо ишин көзөмөлдөгөн МАГАТЭ агенттиги менен Кыргызстандын ортосундагы 1998-жылы Вена шаарында кол коюлган келишимди ратификациялады.

Келишимге каралгандай, Карабалта тоо-кен комбинатында уранды иштетүү жана ишкананы модернизациялоо үчүн эларалык инвесторлорду тартууга шарт түзүлгөн.

Мамлекеттик мекемелердин «Пирамида» телерадиокомпаниясынын ишкердигине кийлигишип, эфирге чыкчу лицензияны узартпай коюсунан улам, жеке компаниянын иши үзгүлтүккө учурады. «Пирамида» каналы жабылып, миңдеген көрөрмандар көнгөн программаларын көрө албай калышты. 2005-жылдын бу күнү компаниянын баш редактору Элина Чернявская, «Пирамида» телерадиокомпаниясына президент Курманбек Бакиевдин баласы Максим көз артып атат деп билдирди.

2005-жылы Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу күч орган кызматкерлери нааразычылык акциясын өткөрүштү. Бишкек шаардык Мамлекеттик автоинспекциянын 169 кызматкери, 2005-жылдын бу күнү МАИ жетекчиси Касымбек Райымкул уулуна ишеним көрсөтпөй тургандыгын билдиришип, иш ташташты.

Бу күнү 1869-жылы Биринчи Ватикан собору ачылып, 1918-жылы Генштаб Академиясы уюшулуп, 1952-жылы АКШ президенти Дуайт Эйзенхауэр атомдук куралды жайылтпоо үчүн МАГАТЭ агенттигин ачуу туурасында сунуш киргизип, 1969-жылы биринчи «Москвич-412» автомашина чыгарылып, 1980-жылы популярдуу ырчы Джон Леннон киши колдуу өлтүрүлгөн.
XS
SM
MD
LG