Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:00

ЖОГОРКУ КЕҢЕШ: ОН ЖЕТИ КОМИТЕТТИН СЕГИЗИНЕ ТӨРАГА ШАЙЛАНДЫ


Аманбек Жапаров,Бишкек Бүгүн Жогорку Кеңештин комитеттерин жана комиссияларын түзүү боюнча мыйзам долбоору көпчүлүк добуш менен кабыл алынды. Буга ылайык эми парламентте 17 комитет 5 комиссия болот. Ушул эле күнү комитет, комиссиялардын төрагаларын шайлоо кызуу өтүп, сегиз комитеттин башчысы, үч комиссия жетекчиси шайланды.

Жогорку Кеңештин структурасы боюнча депутат Азимбек Бекназаровдун 15 комитет, 9 комиссия түзүү сунушу, «Мекен», «Биримдик», «Эл менен», «Келечек» топторунун 17 комитет, 5 комиссия жана депутат Алманбет Матубраимовдун 14 комитет, 3 комиссия түзүү долбоорлору сунушталды. Добуш берүүнүн жыйынтыгында депутаттык төрт топ сунуштаган долбоор 40 добуш менен өттү. Бул маселе боюнча депутат Өмүрбек Текебаев сунуштаган долбоор парламенттин буга чейинки эки отрумунда кызуу талкууланып, колдоо таппай калган. Жаңы кабыл алынган долбоор тууралуу Текебаев:

-Биз ойлогонго караганда комитеттердин саны көп болуп калды. Бул деле жаман эмес вариант. Эң негизгиси комитеттин мүчөлөрүн жана анын төрагасын аныктоо маселеси. Мына ушуга көп нерсе көз каранды,-деди Өмүрбек Текебаев.

Түштөн кийин комитеттин төрагаларын шайлоо болуп, ал жабык добуш берүү менен өткөрүлдү. Мамлекеттик түзүлүш жана Конституциялык мыйзамдуулук боюнча комитетине Искак Масалиев, Эл аралык саясат боюнча Нурдин Абдылдаев, парламент аралык жана эл аралык уюмдар боюнча байланыштарга Карганбек Самаков , Саламаттык сактоо жана социалдык саясат боюнча Асамидин Марипов, Агрардык саясатка Сооронбай Жээнбеков, Билим берүү боюнча Бектемир Мурзаубраимов, Бюджет жана финансы комитетине Акматбек Келдибеков шайланды.Ошондой эле беш комиссиянын үчөөнүн башчылары шайланып, эки талапкер жетиштүү добушка ээ болушкан жок.

Ал эми депуатат Дооронбек Садырбаев Жогорку Кеңештин структурасын түзүүдө депутаттар эки тарапка бөлүнүшүп кеткенин айтып кейиди. Анын пикиринде, «кызылдар» деп тергеген 35 депутат реформаны колдосо, ак үйчүл «актар» делген 31 депутат эски системадан чыккысы келбейт.

-Отуз беши интелектиге, акылга, илимге-билимге сыйынган адамдар. Берки отуз бири, мушка,пулга, зөөкүрлүккө жана бийликке сыйынган адамдар. Эгерде депутаттардын саясий эрегишүүсү күчөй берсе, парламенттин өзүнөн өзү таркап кетүүдөн башка жолу калбайт. Бул эми парламенттин таркап кетүүсү өтө деле коркунучтуу эмес. Токсон кишини кайра шайлап койсо болот. Негизги коркунуч, бүтүн Кыргыз мамлекетинин тарап кетүү алдында турганы,- деди Садырбаев.

XS
SM
MD
LG