Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:06

ОППОЗИЦИЯГА КУУГУНТУК КҮЧӨДҮБҮ?


Чолпон Орозобекова , Бишкек Кечээ реформачылар саясий билдирүү жасап, азыркы бийликти репрессиялык куугунтуктоону токтотууга чакырышты. Билдирүүдө ноябрдагы митингден бери жасалган репрессиялык кадамдар саналып, Улуттук коопсуздук кызматы саясий куугунтуктун куралы болуп калгандыгы айтылган.

Реформачылар өз билдирүүсүндө бийликке кайрылып, кырдаалды курчутпай бир аз токтоп ойлонууга чакырды. Алар өлкөнүн өнүгүшү үчүн жана реформалардын алдыга жылышы үчүн жүрөгүбүздүн акыркы кагышына чейин күрөшөбүз дешет. Жаңы Конституциянын кабыл алынышы туура жолдо баратканыбыздын далили деп жазылат билдирүүдө.

-Бирок азыркы бийлик отко май куюп, репрессиялык кадамдарды баштады. Ноябрдагы митингге катышкан адамдардын артынан түшүп, иштеген жеринен бошотууда,- дейт “Реформа үчүн” кыймылынын өкүлү Роза Отунбаева.

Оппозиция лидерлери тараткан билдирүүдө соңку күндөрү жасалган саясий чабуулдар саналат. Митингден кийин эки облустун губернатору бошотулуп, үчүнчүсүнүн тагдыры болсо атка жеңил тайга чак жергиликтүү активисттердин колуна берилгендиги айтылат. Өмүрбек Абдрахмановдун аялына кылмыш иши козголсо, Иса Өмүркуловдун үйүнө граната ыргытылды. НТС каналынын башында турган Бактыгүл Жээнбаеванын үйү тонолду, антимитингге келип, бирок оппозициячыл тарапка өтүп кеткендер мамлекеттик кызматтардан айдалууда.

Улуттук коопсуздук кызматы болсо үн тасма боюнча козголгон кылмыш иши боюнча экинчи жана үчүнчү айлампа менен суракка чакырылышууда дейт реформачылар.

Учурда УККда үн тасма боюнча кылмыш иши тергелип жатат. УККнын тергөө бөлүмүнүн башчысы Медер Калиев бул боюнча эч кандай комментарий бере албайбыз деп жооп берди.

Президент алдындагы адам укугу боюнча комиссиянын төрагасы Турсунбек Акун мындай куугунтукка президент менен премьер- министрдин тиешеси жок деп билдирди “Азаттыкка”:

- Президент айтпады беле, мен саясий куугунтукка жооп бербейм деп. Премьер- министрдин деле тиешеси бар экенине ишенбейм. Муну бери жактагы бөрк ал десе, баш алгандар жасап атышат. Кошоматка кой союп атышат. Абдрахмановдун аялы менен болгон окуя бул туура эмес, муну куугунтук деп түшүнөм. Мага булар кайрылбай атышат, кайрылышса жакшы болот эле,- деди Турсунбек Акун.

Айрым байкоочулар ортодогу жарака чоңоюп, мамлекеттик кызыкчылык үчүн тил табышпай атышат деген бушаймандык билдиришүүдө. Мурдагы премьер- министр Амангелди Муралиев мындай оюн айтты:

- Мындай эскичил адамттарды таштасак болмок, нукура демокартиялык принципте диалог жүргүзүшпөйбү. Тегерек үстөлгө отуруш керек, эки жак бирин бири угуш керек. Анан Сталиндин убагындагыдай репрессиялык ыкмага өтүп алган болбойт да, -дейт Амангелди Муралиев.

Роза Отунбаеванын айтымында, реформачылар мурда коюлган он талап аткарылмайын аягына чейин турат, ошондой эле президентти чогуу иштешүүгө чакырат.

XS
SM
MD
LG