Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:41

МАМАТ ОРОЗБАЕВ ОШ ШААРЫНДА КАМАККА АЛЫНДЫ


Кубанычбек Жолдошов, Ош 8-декабрь күнү кечинде экс-депутат Мамат Орозбаев Ош шаарында камакка алынды. Аны камакка алуу боюнча уруксат берген Ош облустук прокуратурасынын өкүлдөрү Орозбаев Керек жарак коомдор бирикмесин жетектеп турганда кызмат абалынан кыянат пайдаланып, ири өлчөмдөгү мүлктү жеп койгон деп айыпталып жаткандыгын билдиришти. Ал эми Мамат Орозбаевдин жактоочулары анын баш коргоо чарасын өзгөртүп берүүнү талап кылып, нааразылык акциясына чыгышты.

8-декабрь күнү кечинде ооруканадан чыгып, Бишкектен Ошко учуп келген экс-депутат Мамат Орозбаев Ош облустук прокуратурасынын санкциясы менен камакка алынды. Ага кызмат абалынан кыянат пайдаланган жана ири өлчөмдөгү мүлктү мыйзамсыз менчиктештирген деген айыптоо коюлууда. Мамат Орозбаев № 39 Куршаб шайлоо округу боюнча депутат болуп катталып, бирок Жогорку Сот тарабынан мандатынан ажыратылган эле.

-Мандатын алышты. Эл мандатын алыптыр деп жыргап отурат дейсиңерби ыйлап отурушат баары. Айла жок. Бийликке кимдин алы жетет. Болуптур деп үндөбөй калдык. Кечээ ооруканадан келсе үйүнөн санкциясы жок жөн эле бир Давранов деген тергөөчү келип туруп буйрук берди деп камап коюп отурушат,- деди Мамат Орозбаевдин жактоочуларынын бири Динара Маматалиева.

Облустук прокуратуранын жанына нааразылык акциясына чыгышкан Орозбаевдин тарапкерлери анын токтоосуз түрдө баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, камактан бошотулушун талап кылышууда.

-Биздин талабыбыз Орозбаевди чыгарып коюшсун. Бул кишинин эч кимге жамандыгы жок. Бул кишини биз төрөлгөндөн бери билебиз. Кимге кандай жардам бергенин. Эл үчүн иштеген киши ал. Эмгегим өзүмө болсун деген кишилерден эмес. Эч бир жардам бербеген округу калган эмес бул кишинин,- дейт Айниса Жапарова.

Нааразылык акциясынын катышуучуларынын айрымдары Орозбаевдин камалышында саясий себептер бар деп эсептешип, буга кызыкдар күчтөр Ак үйдө отурушат деген ойлорун билдиришти.

-Атаандашы бийликтегилер менен тил табышып кетип, эки күч биригип, ушул ишке алып барып жатат. Биринчиден, атаандашы тигилер менен тил табышкандан кийин эптеп муну жолдон алыш керек. Көзүн тазалаш керек. Тоскоолдук кылбасын деп ушул ишке барып жатышат,- деген оюн билдирди Сагын Алымкожоев.

Облустук прокуратуранын имараты ички иштер кызматкерлери тарабынан кайтарууга алынууда. Орозбаевдин жактоочулары менен сүйлөшүү үчүн дем алыш күн болгондуктан укук коргоо органдарынын жетекчилери тарабынан эч ким чыккан жок.

Орозбаевди коргоо комитетинин уюштуруучулары нааразылык акциясы дүйшөмбү күндөн баштап кайра улантылаарын билдиришти.

XS
SM
MD
LG