Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2022 шаршемби, Бишкек убактысы 13:14

ДАСТАН САРЫГУЛОВ: БИЙЛИК ЭЛ АЛДЫНДА ЭЧ ЖООП БЕРБЕЙ КЕЛАТАТ


Кыргызстандын мурдагы мамлекеттик катчысы Дастан Сарыгулов өлкөнүн жаңы Конституциясы улуттун биримдигин чыңдап, өнүктүрүп кетерине ишенбей, өзү баш мыйзамдын жаңы долбоорун кыргыз тилинде жазып, талкууга алып чыкты. Д. Сарыгуловдун айтымында, жаңы кабыл алынган баш мыйзам президент менен парламенттин жоопкерчиликтен буйтап кетишине жол берет. Экинчиден, Кыргызстан өзүнүн улуттук нарк-дөөлөтүн чанып, Батыштын саясий маданиятын туурап жаткан үчүн ушундай оор абалга кептелди. Бул жөнүндө Дастан Сарыгулов кабарчыбыз Кубат Чекиров менен болгон маегинде баса белгилеген.

- Урматтуу Дастан Исламович! Мына Кыргызстандын сырткы карызын жоюу фонду уюшулуп, ага миллиондон акча кошкон ишкерлер чыгып жатат. Ушундай жол менен Кыргызстан сырткы карыздан кутулуп чыгып кетиши реалдуу деп ойлойсузбу?

- Негизи, мындай жол бар, бирок мен аны кубаттабайт элем. Анткени, ошол эки миллиард долларды алып жеп койгондор куссун. Ошолордун жоопкерчилигин караш керек эле. Ошол миллиондогон долларды алгандардын айрымдары качып кетсе дагы, кээ бири Кыргызстанда жүрөт, Бишкекте хан сарай куруп, казино, дүкөндөрдү кармап жүрүшөт. Эмне үчүн ошолор куспайт. Эки миллиард доллар бул сексен миллиард сом, мына акчаны биз чогулта албайбыз. Ачыгын айтыш керек. Бирок, бизге эмне керек? Жанагы чогулткан акча эмес, элдин ниети керек. Биз бирөөгө көз каранды болбой, ошол карыздан кутулуп, өз алдынча саясат жүргүзүп турмушубузду улайлы деген ниет-тилек, кеп ошондо болуп жатат.

Бир чети жоопкерчилик жок болгон үчүн он беш жылдын ичинде ушундай абалга келдик. Же президент элге жооп бербейт, же эл шайлаган Жогорку Кеңеш жооп бербейт. Мындай жоопкерчиликсиз жагдай мурдагы баш мыйзамда дагы, азыркы баш мыйзамда дагы бекитилип турганда эч качан кыргыз оңолуп кетпейт.

- Дал ошол Сиз айтып жаткан жоопкерчиликтен буйтап кетүү Конституциянын жаңы редакциясында деле сакталып калганын башка адистер дагы белгилеп атышат. Сиздин оюңузча, эмне үчүн ушул каталык кайталанып, кайра жол берилип калды.

- Акаев качып кеткен менен Акаевдин бийлигин төрт жолу узартууга арналган төрт жолку өзгөртүүлөр кошулган Конституция бүгүн дагы жашап жатат. Ал Конституциянын эң орчундуу кемчилиги – президент дагы, Жогорку Кеңеш дагы эч убакта эл алдында жооп бербейт. Жоопкерчиликтен буйтап кутулуп кетүүгө азыркы Конституция да жол берет. Ошон үчүн бийликти Президент менен Жогорку Кеңештин алдында улак тартыш кылбай, элге бериш керек. Элдин бийлиги орнош керек. Ошол Президент, Жогорку Кеңеш, Жогорку Сот, Башкы прокурор, Эсептөө палатасы жылыга бир жолу Элдик Курултайдын алдына чыгып, жасаган иши жөнүндө жооп берип турмайынча, бизде оңолуу болбойт. Ошол улуу салтты улантмайынча, ич ара бийлик талашуу, саясий тирешүү улана берет.

Азыр бизде эмне болуп атат. Ноябрдагы митингдерден кийин түндүк-түштүк деген илдет саясатчылардын деңгээлинен төмөн түшүп, калың элди аралап кетти. Мына бүгүн уктум, Азаттыктан берди, Нарындан бир айым айтып атат сарыбагыштар эле бийликке келип жатат деп. Эй, Кыргызга кереги жок бүгүн уруу-урууга бөлүнүүнүн. Ал эч качан бизди ийгиликке апкелбейт. Мына ошондой бөлүнбөш үчүн, саясатчылар тирешпес үчүн, мындай деп айтыш керек. Япондорду көп айтабыз, япондордо минтип айткан: Сен биринчи японсуң, андан кийин гана саясий партияга мамиленди, диний ишеничиңди экинчи, үчүнчү катарга койгун деп.

- Парламенттин тең жарымын партиялык тизме менен шайлоо, парламентте көпчүлүк орунду женип алган партия тарабынан Өкмөттү куроо жаңы Конституцияда каралбадыбы. Бул кыргызга жаңы саясий маданият алып келет деп атышат. Балким, мамлекеттин ушундай жол менен өнүккөнү туурадыр?

- Мындай пикирге кошулуу кыйын. Себеби, партияларга кыргыз калкынын он пайызы гана кирип атат. Токсон пайыз эл партиядан тышкары. Алардын мүдөө-талабын ким аткарат. Экинчиден, азыркы Конституциянын сегизинчи беренесинде ачык жазылган, мамлекеттин ишине, саясатына кайсы бир партиянын программасы үстөмдүк кылганга жол берилбейт деп. Анда ошол беренени алып салыш керек. Ошол он пайыз калкыбыз партияларга кирет экен, ошол партия бийликке келди деп коелук. А токсон пайыз эл кайда калат. Биз Батыштын коом түзүлүшүн, демократиясын туурап ушундай абалга келип отурабыз. Биз өзүбүздүн төрт миң жыл гүлдөп өсүп келген өз тарыхый жолубуздан кетпешибиз керек. Мына биз он беш жылдын ичинде Малайзия да болуп көрдүк, Түркия да болуп көрдүк, Батыштын да өрнөгүн алып көрдүк. Бүгүнкү абалыбыз кандай?

Себеби, биз өзүбүздүн каныбызга, жаныбызга сиңип калган салтыбызды, наркыбызды чанып, ушундай оор абалга кептелип отурабыз. Партия, баликм, ал деле жакшыдыр, бирок, биз элдин накта бийлигин орнотуп, Элдик Курултайды Баш мыйзамга киргизип, кыргыздын наркын, ыйманын, дөөлөтүн, касиетин Баш мыйзамга киргизмейинче, ушинтип талашып-тартышып, чырлашып, алга жылбай, артка кете беребиз. Ошон үчүн мен Кыргызстандын Баш мыйзамын кыргыз тилинде жазып чыгып, эл назарына алып чыктым, эми эл-журт өзү таразалап көрсүн.

XS
SM
MD
LG