Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:29

ОШ: МАМАТ ОРОЗБЕВДИН КАМАЛЫШЫНДА КАНДАЙ САЯСАТ БАР?


Кубанычбек Жолдошов, Ош 11-декабрь күнү Ош облустук прокуратурасынын алдында экс-депутат Мамат Орозбаевди камактан бошотуу талабын койгон анын жактоочулары нааразылык акциясына чыгышты. Мамат Орозбаев жүрөк ооругандыгына байланыштуу убактылуу кармоо жайынан ооруканага которулуп, кайтарууга алынды.

Ош облустук прокуратурасынын алдына чогулган экс-депутат Мамат Орозбаевдин жактоочулары аталган мекеменин короосуна кирүүгө аракет кылышты. Бирок, имаратты кайтарууга алып турган ички иштер органдарынын кызматкерлери буга жол берген жок.

Өзгөн районунун Куршап айылынан келишкен экс-депутаттын жактоочуларынын бири Салтанат Малтаева Мамат Орозбаев саясий каршылашуунун курмандыгы болуп жатат деп эсептей тургандыгын айтып, анын күтүүсүздөн камалышына кыжырданган шайлоочулардын көпчүлүгү Ош шаарындагы Орозбаевди коргоо комитетине келип кошулуп жаткандыгын билдирди.


-Жактоочулар күндөн-күнгө көбөйүп жатат. Тоодогулар уга элек. Атчан келебиз дегендер бар. Эми тополоң болот. Бул туура эмес. Мамлекет туура мамиле жасабай жатат,- деди Салтанат Малтаева

Экс-депутат Мамат Орозбаевдин уулу Алмаз атасынын ден-соолугу кескин начарлагандыктан ооруканага чыгарылгандыгы жана учурда аны
милиция кызматкерлери кайтарып тургандыгы жөнүндө маалыматты алгандыгын гана айтып, атасы менен көзмө-көз жолугууга уруксат берилбей жаткандыгын белгиледи.

-Кечээ атамдын ден соолугу начар болуп, жүрөгү ооруп, ооруканага жеткирилген. Сүйлөшө албадык. Киргизбей жатышат. Атама эки статья коюп жатышат. № 169 жана № 221,- дейт экс-депутаттын уулу Алмаз Орозбаев.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө экс-депутаттын баш коргоо чарасын өзгөртүп бошотуп туруу өтүнүчү облустук прокуратура тарабынан четке кагылды. Интервью берүүдөн баш тарткан облустун прокурору Анарбек Калматов экс-депутат Мамат Орозбаевдин ишинде эч кандай саясат жок экендигин билдирип, анын жактоочулары кадимки кылмыш иши боюнча камакка алууну саясатташтырып жатышат деп айыптады. Ал эми Орозбаевди коргоо комитетинин активисттеринин бири Нурлан Жолболдуев экс-депутат бошотулмайынча Өзгөндөн келген анын жактоочуларынын саны көбөйө бере тургандыгын жана алардын талаптары да катуулашын белгиледи.

-Мамат Орозбаевди бошотобуз деп ушул жерде турабыз. Тоодон дагы шайлоочулар келебиз деп жатышат. Ошон үчүн бошотуш керек,- дейт Нурлан Жолболдуев.

XS
SM
MD
LG