Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:42

ПАРЛАМЕНТТЕГИ «АРКАН ТАРТЫШУУЛАР»


Бүгүн Жогорку Кеңеш комитеттердин жана комиссиялардын төрагаларын шайлоону негизинен аяктады. Өткөн жумада парламенттин жаңы структурасы кабыл алынып, ага ылайык Жогорку Кеңеште 17 комитет, 5 комиссия болоору чечилген. Жума күнү өткөрүлгөн шайлоодо 8 комитеттин жана 3 комиссиянын төрагасы шайланган эле.

Депутаттар бүгүн түш оогонго чейин өз ара кеңешип, түштөн кийин гана калган 9 комитет жана эки комиссиянын төрагалыгына талапкерлерди көрсөтө баштады. Бирок бул ирет да «Реформа үчүн» кыймылына кирген депутаттык топтор талапкерлерди көрсөткөн жок. Кыймылга кирген «Жибек жолу» депутаттык тобунун жетекчиси Осмонбек Артыкбаевдин айтымында, алар азыркы шартта ушундай позицияны тандап алышты. Кыймылдын дагы бир активдүү мүчөсү, бирок көз карандысыз депутаттардын катарында жүргөн Азимбек Бекназаров өз пикирлештеринин комитет жетекчилигине талапкерлерди көрсөтпөй жатышын мындайча түшүндүрдү:

"Биз эми реформаны жасадык. Конституцияны кабыл алдырдык. Эми башкалар да иштесин (күлөт). Президент да, өкмөт да иштесин. Аларды колдогон фракциялар иштесин. Алар көпчүлүк экен. Демократиянын шарты ушундай экен көпчүлүккө азчылык баш иет экен. Анан бирок, бул көпчүлүк азчылыкты сыйлабаса өздөрүнүн иши".

Жогорку Кеңеште сегиз депутаттык топ жана көз карандысыз депутаттар тобу бар. Алардын ичинен жетекчиси Райымбек Мамыров болгон «Эл Биримдиги», лидери Искендер Гаипкулов болгон «Мекен», лидери Садыр Жапаров болгон «Келечек», жетекчиси Камчыбек Жолдошбаев болгон «Ак жол» жана Дамир Өскөнбаев жетектеген «Биримдик» депутаттык топтору өз ара сүйлөшүп, комитет төрагалыгына талапкерлерди көрсөтүштү.

Жогоруда белгиленгендей, кыймылга кирген Осмонбек Артыкбаев жетектеген «Жибек жолу», лидери Өмүрбек Бабанов болгон «Эл Биримдиги» жана тогуз депутаттан турган көз карандысыз депутаттар тобу талапкерлерди көрсөтүшкөн жок.

Талдоочулардын эсеби боюнча, «Биримдик»,
«Мекен» «Келечек», «Ак жол», «Эл менен» депуттык тобуна кирген депутаттардын жалпы саны 41. Аларга жети депутаты бар «Кыргызстан» депутаттык тобу да кошулууда. Ошондуктан алар комитет төрагаларынын тагдырын өз алдынча чечишти.

Натыйжада, Келечек» фракциясынан Отун-энергетика комитетинин төрагалыгына Камчыбек Ташиев, «Кыргызстан» фракциясынан Сот-укуктук реформасы боюнча комитет төрагалыгына Алишер Сабиров, «Мекен» фракциясынан Коргоо жана коопсуздук комитетинин төрагалыгына Рашид Тагаев, Өнөр жай, курулуш жана менчиктештирүү комитет төрагалыгына Арзыбек Бурканов шайланды. «Биримдик» фракциясынан Укук тартиби жана коррупцияга каршы комитет төрагалыгына Хажимурат Коркмазов, Транспорт жана коммуникация комитет төрагалыгына Юрий Данилов, Фискалдык саясат боюнча комитет башчылыгына Авасбек Момункулов, Өзгөчө кырдаалдар жана экология боюнча комитет төрагалыгына «Келечек» тобунун өкүлү Акылбек Арстанбеков шайланды.

Эми депутаттар комитеттердин курамын, төрагалардын орун басарларын шайламакчы. Калган эки комиссиянын төрагалыгына талапкерлер бүгүн көрсөтүлгөн да жок. Сессия шейшемби күнү уланат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG