Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:56

МАМАТ ОРОЗБАЕВДИ КОРГОО КОМИТЕТИ НААРАЗЫЛЫК АКЦИЯЛАРЫН БАШТАДЫ


Мамат Орозбаевдин жактоочулары аны жогорку бийликтегилердин ишарасы менен саясый максатта камакка алынды деп эсептешет. Орозбаевди коргоо комитети бул жөнүндө 11-декабрда атайын билдирүү жасап, камактагы экс-депутаттын баш коргоо чарасын өзгөртүү талабын коюп жатканын жар салды.

Камакта жаткан Мамат Орозбаевдин жүрөгү катуу ооруп, абалы кескин начарлап кеткен. Ал учурда Ош шаарынан бир канча километр алыстыктагы Араван районундагы ооруканага жаткырылып, кайтарууда жатат. Ага коюлуп жаткан айыптар тууралуу Орозбаевдин жактоочусу Аттокур Бузурманкулов буларды билдирди:

- Бишкектеги ооруканада дарыланып жаткан жеринен Ош облустук прокуратуранын чакыруусу боюнча 8-декабрда барып сурак жүргүзүү учурунда камакка киргизилди. Ага Керек- жарак коомдор бирикмесин жетектеп турганда кызмат абалынан кыянат пайдаланып, ири өлчөмдөгү мүлктү жеп койгон деген айып коюлууда. Андай күнөөгө Орозбаев өзү жана жактоочулары маакул эмес.
Оштогу Мамакеев атындагы менчик пансионаты боюнча Орозбаевдин үстүнөн кылмыш иши ачылып, 30дан ашуун текшерүү жүргүзүлүп аныкталбады. Ошондон облустук прокуратуранын Орозбаевди камоо боюнча санкция бериши адам укуктары Кыргызстанда эбегейсиз тебеленип жаткандыгынын бир мисалы десе болот.


Орозбаевдин жакын эжеси Токтокан Ашимова болсо куршаптык шайлоочулардын атынан президент Бакиевдин кабыл алуусуна киргени келгенин айтты.

-- Жогорку бийликте отургандардын кийлигишүүсү менен саясый максатта камалды деп эсептейм. Кыргызстанда баш-аламандыкты күчөтүү үчүн жасалган аракет деп баалайм. Мен он төрт баланы төрөп өстүргөн энемин. Кана мыйзам, адам укуктарын ким коргойт?. Орозбаев эч жакка качпайт. Камактагы баш коргоо чарасын ачыкка өзгөртүп беришин талап кылабыз.

Ушул кундөрү Ош облустук прокуратуранын алдына Орозбаевдин камалышына каршы чыккан жактоочулары митингге чыгышты. Аны уюштурган Орозбаевди коргоо комитети мындан ары дагы иш-аракеттерин күчөтө тургандыгын билдирүүдө.

-Жогорку соттун чечими менен Орозбаев депутаттыктан четтетилди. Ал боюнча Жогорку Кеңеш эч кандай реакция бербеди. Конституциялык сотко жолдогон катыбыз каралбай жатат. Шайлоо учурунда уулу Нурлан киши колду болуп өлгөн эле. Бул боюнча эч бир тартип коргоо органдары сураган жок. Ал боюнча маалыматтар да болгон жок. Ошондон Орозбаевдин камалышына, анын мүлкүнө кызыкдар тараптар бар. Аны жогорку бийликтегилер колдоп жатат деген ойдобуз. Ушул күндөн баштап Орозбаевди коргоо комитети ишин күчтөндүрөт,- деп Орозбаевди коргоо комитетинин мүчөсү Сабыржан Ашымов.

Орозбаевди коргоо комитети талаптары аткарылмайынча, нааразылык акцияларын токтотпой тургандыктарын билдиришүүдө.

XS
SM
MD
LG