Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:01

ГЕНЕРАЛ ПИНОЧЕТ ДҮЙНӨДӨН КАЙТТЫ


Нарын АЙЫП, Прага Чилинин мурдагы президенти генерал Аугусто Пиночет 10-декабрда Сантьяго шаарынын ооруканасында 91 жашында дүйнөдөн кайтты. Анын өлүмү менен байланыштуу Чили коомунда мурда чыккан талаш-тартыштар уланууда.

Генерал Аугусто Пиночет бийликке 1973-жылдын 11-сентябрында аскерий төңкөрүш аркылуу келген жана өлкөнү андан кийин 17 жыл бою катуу башкарган. Демократиялык жол менен шайланган президент Сальвадор Альенде ошол төңкөрүш учурунда колуна курал кармап өз кеңсесин коргоп курман болгон. Айрым маалыматтарга караганда, Альенденин учурундагы Чилидеги абалды бейстабилдештирүү үчүн АКШнын чалгындоо кызматтары көптөгөн каражат сарптаган, анткени Чили - тынчтык жолу менен социалисттик жолго түшкөн Америкадагы биринчи мамлекет болгон.

Пиночеттин бийлиги учурунда үч миңге жакын адам же курман болуп, же дайынсыз жоголгон, көптөгөн адам чет мамлекеттерге качууга аргасыз болгон. Өлкөнүн азыркы президенти Мишел Бачеленин атасы генерал Алберто Бачеле дагы камакка алынып, абакта өлгөн, ал өзү дагы камалган жана кийин энеси менен кошо чет мамлекетке качып кеткен.

Анткен менен Пиночеттин учурунда Чилинин экономикасы да оңолгон жана 1990-жылы ал өз эрки менен бийликтен кетип, демократиялык шайлоо өткөрүүгө жол берген. Президент Альенденин учурунда болсо өлкөдөгү инфляция 600 пайызга жетип турган. Укук коргоочулар жана жеке адамдар болсо акыркы жылдарда Пиночетке каршы көптөгөн арыз берген жана алар менен байланыштуу үч жүзгө жакын сот иши ачылган. 1998-жылы Пиночет андай арыздардын биринин негизинде Лондон шаарында үй камагына алынган, бирок бир жылдан кийин бошотулган.

Айрым байкоочулардын айтымында, диктатор кайтыш болгондон кийин эми ал сот иштери жабылууга тийиш, бирок өлкө парламентинин депутаты, мурдагы президент Сальвадор Альенденин кызы Изабел Альенде ага каршы: "Менин кейигеним - Пиночет тынч өлдү. Бирок ага каршы ачылган кылмыш иштери улантылууга тийиш. Анын өлүмү менен байланыштуу эч кандай мамлекеттик расми жыйындар өткөрүлбөш керек. Ал диктатор болчу, аны эл шайлаган эмес", - деп билдирди Изабел Альенде 10-декабрда.

Онунда жана 11-декабрда Сантьяго шаарында көптөгөн митинг-демонстрациялар болду, айрымдар генералды мактап, ал Чилини Түштүк Америкадагы эң өнүккөн мамлекетке айлантканына баа барсе, башкалар анын бийлиги диктатура болгонун жана көптөгөн адам өлүп, миңдегендердин адам укуктары бузулганына басым жасоодо.

Президент Бачеленин буйругу менен болсо, кайтыш болгон Пиночетке - ал өлкө президенти болгону үчүн эмес, Чилинин куралдуу күчтөрүнө башчылык кылган адам катары гана сый көрсөтүлөт жана тажыя 12-декабрда өткөрүлөт. Ноябрдын аягында токсон бирге толгондо, Пиночет сөз сүйлөп, анын бийлиги учурунда өлкөдө болгон мүчүлүштүктөр үчүн бардык жоопкерчиликти ал өзүнө ала турганын билдирген.

XS
SM
MD
LG